Абдурахманов: Ошто төрөт учурунда ымыркайдын бутун сындырып алышты деген маалымат туура эмес

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов соцтармактардагы «Ош шаардык төрөт үйүндө ымыркайдын бутун сындырып алышты» деген билдирүүнү төгүндөдү.

Абдрахманов 2-июлда төрөлгөн ымыркайдын буту кайрылып калганын айтып, ал баланын курсакта туура эмес жатып калганы менен түшүндүрдү.

«Буту, колу сынды деп туура эмес маалымат берип жатышат. Ооба, кесарево жолу менен төрөдү. Ал жерде тажрыйбалуу акушер-гинеколог операция жасаган [...]. Биз гипстеп, бардык медициналык жардамды көрсөттүк. Бир жуманын ичинде ымыркайдын бутундагы жарака жакшы болот», — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Ошондой эле, ал учурда эне-баланын абалы жакшы экенин кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Нарын шаардык төрөт үйүндө медайымдар кесарево жолу менен төрөгөн аялга жаңылыш дары сайып, ал реанимацияга түшкөн. Кийинчерээк аялга сырткы колдонууга арналган хлоргексидин анисептикалык каражаты сайылганы белгилүү болгон.

Жабырлануучунун кайнатасы Кулчун Рахманов келини дарыгерлердин кайдыгерлигинен оор абалда экенин айтып, мындай окуялар буга чейин да болуп келгенин баса белгилеген.

Ал эми Нарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Жылдыз Өскөнбаева мындай окуя биринчи жолу катталып жатканын белгилеп, кырсык экенин айткан.

Нарын облустук милициясы тергөө иштерин жүргүзүп, окуяга байланыштуу төрөт үйдүн үч медайымы убактылуу иштен алынган.

Дагы окуңуз:

Нарында жаңы төрөгөн келинге жаңылыш дары сайган окуядан улам үч медайым иштен четтетилди