Нарында жаңы төрөгөн келинге жаңылыш дары сайган окуядан улам үч медайым иштен четтетилди

Нарын шаарындагы төрөт үйүндө кесарево жолу менен кыз төрөгөн айымга тамчылатма дарынын ордуна антисептик сайган окуяга байланыштуу үч медайым убактылуу иштен алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эмне болду эле?

26-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Нарын шаардык төрөт үйүндө медайымдар кесарево жолу менен төрөгөн аялга жаңылыш дары сайып, ал реанимацияда экенин кабарлашкан.

Кийинчерээк аялга сырткы колдонууга арналган хлоргексидин анисептикалык каражаты сайылганы белгилүү болгон.

Ал эми жабырлануучунун кайнатасы Кулчун Рахманов «Турмуш» басылмасына маек куруп, келини дарыгерлердин кайдыгерлигинен оор абалда экенин, мындай окуялар буга чейин да болуп келгенин баса белгилеген.

«Акушер өзүм билемдик менен сайып, адам өмүрүнө коркунуч келтирип отурат. [...] Өз билгендерин кылып, ким акчалуу болсо анын чөнтөгүн аңдып, акчалууларды жакшы карап, төмөнүрөөк жашаган адамдарды карап да коюшпайт. Келиним кандай басып кирди, ошондой чыгарып беришсин», — деп талап кылган ал.

Ал эми Нарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Жылдыз Өскөнбаева мындай окуя биринчи жолу катталып жатканын белгилеп, кырсык экенин айткан.

«Бул кырсык, адамдык фактор деп коёбуз. Мунун жыйынтыгын тергөө чыгарат. Ар бирибизде каталар болот. Албетте, бул одоно ката», — деген ал.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан болсо ишти каттоого алынып, тергөө уланып жатканын билдиришкен.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

29-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча башкы адиси Раиса Асылбашева ооруканадагы айымдын абалы турукташып калганын «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, аял дагы деле реанимацияда, бирок күн сайын акыбалы жакшырып жатат.

«Биз бул жерде шалаакылык болгонун түшүнүп жатабыз. Азыр келинди дарылаган [үч кызматкер] адистер териштирүү аяктаганга чейин кызматтан четтетилди. Укук коргоо кызматкерлеринин жыйынтыгынан соң тиешелүү чечим чыгарабыз», — деди ал.

Негизги беттеги иллюстративдик сүрөт.

Тема боюнча:

Тез жардам кызматынын башкы дарыгери: Бишкекте антибиотикке аллергия болгон аял каза болду

Марадонанын дарыгери футболчуну «кокустан өлтүрүп алууга» шектелип жатат