Садыр Жапаров менен Мирзиёев Каракалпакстандагы окуяларды талкуулашты

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жапаров сүйлөшүүлөрдө «кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын» белгиледи.

«[Садыр Жапаров] өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалдын нормалдашуусун камсыздоо жана анын мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгондугун баса белгиледи», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө «Жапаров Каракалпакстандагы абалды турукташтыруу үчүн өзбек өлкө башчысы кабыл алган чечкиндүү аракеттерди толугу менен колдоду» деп айтылат.

«Айрыкча ички иштерге башка мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол берилбестиги өзгөчө белгиленген», — деп айтылат анда.

Өлкө башчылар алдыдагы кыргыз-өзбек достук мамилелерин бекемдөө, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маселелерин да талкуулашты.

Жапаров сөзүнүн аягында «Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишенимин билдирди».

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарды «чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга» чакырган.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери», — деп белгилеген ал.

Каракалпакстандагы нааразычылык акциялары

Каракалпакстан республикасындагы абал 1-июлда курчуп баштаган. Буга Өзбекстандын Конституциясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр себеп болгон — ага ылайык республика суверендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн.

Митингдер 1-2-июлда Нукус жана башка шаарларда өткөн. ЖМКнын маалыматына ылайык, бийлик митингчилерди таратуу үчүн водомётторду жана атайын каражаттарды колдонгон. ЖМКлар жабыркагандар бар экенин жазган.

4-июлда Өзбекстандын Улуттук гвардия менен Башкы прокуратурасы 18 киши каза болгонун билдирген. Алардын маалыматына ылайык, 243 адам жарадар болду, алардын 38и укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Ведомстволор 149 адамга биринчи жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилгенин кошумчалашты. 94 адам ооруканада, арасында оор жарадарлар да бар.

2-июлда президент Шавкат Мирзиёев Нукуска барган. Ал Каракалпакстандын Жокаргы Кенесинин (парламентинин) депутаттарынын алдында Конституциядагы республиканын суверендүүлүгү тууралуу ченемди сактоону убадалаган. Кийинчерээк Өзбекстандын парламентти Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү долбоорунан Каракалпакстандын суверенитетин өзгөртүүгө тиешелүү беренелерди алып салган.

Ошондой эле Мирзёев Каракалпакстанга 2-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизген. Басма сөз кызматтан билдиришкендей, «жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укугу менен эркиндигин коргоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү» максатында киргизилген.

1-2-июлдагы Нукустагы жана башка шаарлардагы тополоңду уюштурууга Мирзиёев «үчүнчү күчтөрдү» күнөөлөгөн.

«Демократиялык принциптердин жана укуктук нормалардын негизинде жарандарга өз оюн эркин айтуусуна, эркиндигине шарттардын түзүлгөнүнө карабастан, айрым каршы күчтөр конституциялык реформаларды шылтоо кылып агрессиянын жана зордук-зомбулук жолун тандап, Өзбекстандагы абалды, стабилдүүлүктү бузууга аракет кылып жатат», — деп билдирген ал.

Өзбекстандын бийлиги Каракалпакстандагы абал «турукташып, күнүмдүк нукка түштү» деп билдирди.

Тема боюнча: Каракалпакстандагы нааразылыктар: Бийлик митингди таркатууда 18 адам каза болгонун билдирди