Каракалпакстандагы нааразылыктар: Бийлик митингди таркатууда 18 адам каза болгонун билдирди

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы нааразычылык акциясында 18 киши каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук гвардия менен Башкы прокуратурасына таянып gazeta.uz жазды.

Алардын маалыматына ылайык, 243 адам жарадар болду, алардын 38и укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Ведомстволор 149 адамга биринчи жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилгенин кошумчалашты. 94 адам ооруканада, арасында оор жарадарлар да бар.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынын башчысы Даврон Жуманазаров 1-2-июлдагы демонстрацияда 516 адам кармалганын маалымдады.

«Кармалгандар боюнча тергөө жүрүп жатат, айрымдарына административдик чара көрүлүп камактан бошотулду», — деп жазды gazeta.uz.

Жуманазаровдун айтымында, 3-июлдан 4-июлга караган түнү коменданттык сааттын талаптарын бузуп, «көчөдө максатсыз жүргөн» 110 адам кармалды. Аймакка 2-июлда бир айлык мөөнөткө коменданттык саат киргизилген.

Улуттук гвардиянын өкүлү дагы мекеменин айрым кызматкерлерине ок тийгенин, колу-буту сынган, башы жарылгандар да бар экенин айтып берди.

Жыйынтыктап жатып, ал 4-июлда республикадагы бардык азык-түлүк дүкөндөрү, базар, биржа, уюмдар жана ооруканалар, ошондой эле социалдык мекемелер ишин жандантканын белгиледи.

Каракалпакстандагы нааразычылык акциялары

Каракалпакстан республикасындагы абал 1-июлда курчуп баштаган. Буга Өзбекстандын Конституциясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр себеп болгон — ага ылайык республика суверендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн.

1-июль. Нукустагы нааразычылык.

Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Каракалпакстан — ички референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгууга укуктуу эгемендүү республика. Бирок мыйзамдын жаңы редакциясында, «суверендүү» деген сөз алынып, Өзбекстандын карамагынан чыгып кетүү укугун алып таштоо пландалган.

Митингдер 1-2-июлда Нукус жана башка шаарларда өткөн. ЖМКнын маалыматына ылайык, бийлик митингчилерди таратуу үчүн водомётторду жана атайын каражаттарды колдонгон. ЖМКлар жабыркагандар бар экенин жазган. Аймакта интернет үзгүлтүккө учурагандыктан так саны айтылган эмес. Бирок социалдык тармактарда көптөгөн канга боёлгон жана жарадар болгон адамдардын сүрөттөрү, видеолор жарыяланган. «Азаттык» жергиликтүү тургундарга таянып, кагылыштан ондогон адамдар каза болушу мүмкүн экенин жазган.

2-июлда президент Шавкат Мирзиёев Нукуска барган. Ал Каракалпакстандын Жокаргы Кенесинин (парламентинин) депутаттарынын алдында Конституциядагы республиканын суверендүүлүгү тууралуу ченемди сактоону убадалаган. Кийинчерээк Өзбекстандын парламентти Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү долбоорунан Каракалпакстандын суверенитетин өзгөртүүгө тиешелүү беренелерди алып салган.

Ошондой эле Мирзёев Каракалпакстанга 2-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизген. Басма сөз кызматтан билдиришкендей, «жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укугу менен эркиндигин коргоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү» максатында киргизилген.

1-2-июлдагы Нукустагы жана башка шаарлардагы тополоңду уюштурууга Мирзиёев «үчүнчү күчтөрдү» күнөөлөгөн.

«Демократиялык принциптердин жана укуктук нормалардын негизинде жарандарга өз оюн эркин айтуусуна, эркиндигине шарттардын түзүлгөнүнө карабастан, айрым каршы күчтөр конституциялык реформаларды шылтоо кылып агрессиянын жана зордук-зомбулук жолун тандап, Өзбекстандагы абалды, стабилдүүлүктү бузууга аракет кылып жатат», — деп билдирген ал.

Өзбекстандын бийлиги Каракалпакстандагы абал «турукташып, күнүмдүк нукка түштү» деп билдирди.