Иманов «Азаттыктын» «Уландан» кымырылган 54 млн сом тууралуу иликтөөсүн «жалаа» деп атады

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, «Улан» ААКдан кымырылган 54 млн сом тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсүнө комментарий берди.

Иманов иликтөөдө келтирилген маалыматтарды «жалган жалаа жана фактыларды бурмалоо» деп атады.

«Материалын авторлору жана алардын маалымат булактары өздөрү көргүсү келгенин чындык катары берип жатышат, өз кызыкчылыктары үчүн жалган жана такталбаган маалыматты беришүүдө. Жолдорунан кыя өтүп алган окшойм. Кыскача айтайын. Ооба, “Уландын” кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” — ред.) боюнча кылмыш иши болгон. Бул иш боюнча сурак бергем. Кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан мага карата иш токтотулган», — деп билдирди ал.

Ал эми «Азаттыктын» өзүнөн Иманов иликтөө боюнча бир нече жолу комментарий берүүнү убадалап, бирок бере электигин белгилешти.

«Азаттыктын» иликтөөсү

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда «Азаттык» «Дастан трансулуттук корпорациясынын» жана анын туундуу компаниясы «Улан» ишканасынан уурдалган акчалар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөдө мамлекеттик ишканадан миллиондор уурдалганы айтылган. Алсак, 2020-жылдын 6-ноябрында УКМК «Улан» ишканасынын жетекчисин кармаган. Анда атайын кызмат «Дастан» заводунун жана «Улан» ААКтын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталганын билдирген. Ал убакта Таланбек Иманов «Дастандын» директору болуп турган.

Иликтөөдө «Азаттык» бул каражат кандайча чыгарылганын, бул иш боюнча шектүүлөр айып төлөп кутулуп кеткенин айтып беришкен. Иликтөөчү журналисттер уурдалган 54 млн сомдун изи санарип өнүктүрүү министри Талантбек Имановго алып барарын белгилешкен.