«Азаттык»: «Улан» ишканасынан кымырылган 54 млн сомдун изи министр Имановго такалат

«Азаттык» басылмасынын журналисттери «Дастан трансулуттук корпорациясынын» жана анын туундуу компаниясы «Улан» ишканасынан уурдалган акчалар тууралуу иликтөө жарыялады. Анда уурдалган 54 млн сомдун изи санарип өнүктүрүү министри Талантбек Имановго алып барарын айтышкан.

Жасалма келишим

2020-жылдын 6-ноябрында УКМК «Улан» ишканасында миллиондогон каражат уурдалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «Дастан» заводунун кызмат адамдары 2020-жылдын май айында чет өлкөлөрдүн бири менен атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзгөн — суммасы 3 млн долларды түзгөн.

Бирок корпорациянын жетекчилиги өзүнүн туунду компаниясы «Улан» менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп, 695 миң долларды (ошол учурдагы курс менен 54 млн сом) өзүнө ыйгарып алган. «Уландын» жетекчилиги бул максатта ЖЧКдын бири менен атайын жабдууларды жеткирүү боюнча жасалма келишим түзгөн. УКМК фирманын атын ачыктаган эмес.

Ошол кезде, факты боюнча «Улан» ишканасынын директору болуп турган Руслан Жампеишов кармалган. «Азаттыктын» журналисттеринин маалыматына ылайык, ал Талантбек Имановдун өкүл баласы.

Жампеишов 2020-жылдын 24-мартында, Иманов «Дастан» заводуна башчы болуп келгенден кийин, дароо эле «Улан» ишканасынын директору болуп дайындалган.

Иликтөөчүлөр «Улан» «Альфа Легион» ачык акционерди коому менен жасалма келишим түзгөнүн аныкташты. Директору Карыпбек Жамансариев деген киши, ал эми негиздөөчүсү — Айбек Азизов. Журналисттердин маалыматы боюнча, Азизов Имановдун «көздөй адамы».

Азизов өзү «Азаттыкка» берген интервьюсунда Иманов менен эч кандай байланышы жок экенин жана аны министр катары эле тааный турганын айткан.

Айбек Азизов, Талантбек Иманов, «Дастандын» учурдагы экономика жана каржы директору Мавлут Аширбеков жана «Уландын» директору Руслан Осмоналиев. Видеодон скриншот.

Иликтөөчүлөр Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 19-январында кабыл алган чечимине таянып, Руслан Жампеишов жана Карыпбай Жамансариев тергөө учурунда 7 млн, ал эми сот процесси учурунда 46 млн сом төлөп берип, келтирилген зыянды толугу менен кайтарып бергенин айтышты. Жыйынтыгында, аларга карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

Иманов — министр

«Азаттыктын» журналисттери 19-январь Жампеишов менен Жамансариев үчүн гана эмес, Иманов үчүн дагы өзгөчө күн экенин баса белгилешет. Дал ушул күнү парламент депутаттары Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Имановдун талапкерлигин колдоп беришкен.

Бирок анын алдында эл өкүлдөрү Имановго «Улан» заводунан уурдалган каражаттар тууралуу суроо узатышкан.

«Ушул кылмыш иши козголгондугу — бул факт. Ал жерде [“Дастан” заводунда] Талантбек Орозкулович убагында жетекчи болуп иштеген, ошол боюнча ошол кылмыш иши жабылдыбы, эмне болду? Ошол боюнча суроо болуп жатат да, тактап койсоңуздар. Өкмөттөгүлөр билесиздерби ушундай иштер бар экенин, же билбейсиздерби?» — деп суроо салган Улугбек Ормонов.

Иманов өзү бул суроого жооп берген эмес, бирок анын ордуна минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп кайтарган.

«Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган саясатчы калган жок. Биздин жаш талапкердин {Имановдун} дарегина ар кандай сөздөр айтылып жатат. "Бир айга камалып чыккан" деген сыяктуу. Мындай факт болгон эмес да. Балким, болсо болгондур. Бирок сот күнөөлүү деп таппагандан кийин, президент ишеним көрсөтүп жатат», — деп айткан Байсалов.

Иликтөөчүлөр депутаттардын көпчүлүгү өздөрүн оолак кармап, Имановдун талапкерлиги каралып жатканда суроо бербегенин белгилешти.

Шайлоого делген акча

Талантбек Иманов «Улан» заводу менен «Дастан» трансулуттук корпорациясын 2018-2020-жылдары башкарган. Кийин бийликчил деп сыпатталган «Биримдик» партиясынын тизмесине кирип, парламенттик шайлоого барган. Үгүт ишин Каракол шаарында жүргүзгөн.

Караколдогу үгүт иш-чараларынын биринде ошол кездеги президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев болгон.

Талантбек Иманов жана Курманбек Дыйканбаев. Видеодон скриншот.

2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында «Биримдик» партиясы эң көп мандат алган. Бирок шайлоо 2020-жылдын октябрь айындагы өлкөдөгү саясий кризистин жана бийликтин алмашуусунун негизги себептеринин бири болгон. Анда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Бийлик алмашкандан кийин, УКМК ноябрда Дыйканбаевди мыйзамсыз 7 млн сом алууга шектеп кармаган. Басма сөз кызматтан Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп 7 млн сом берүүгө мажбур кылган деп айтышкан. Ошол учурда ага карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөөчүлөр Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-майында чыгарган чечимине таянып, Дыйканбаев кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсүз деп табылганын билдиришти.

Соттун чечиминде Дыйканбаев акчаны дал ушул Имановдон алганы айтылат.

Тергөөнүн жүрүшүндө Дыйканбаев ал каражатты карызга алганын айткан, ал эми Иманов жеке чогулткан акчасын бергенин жана эч кандай доосу жок экенин билдирген.

«Азаттыктын» журналисттери анонимдүү калууну каалаган булакка таянып, шайлоого деп алынган акча «Дастан» заводуна тийиштүү деп ишендирүүдө.

«2020-жылы “Биримдик” партиясы Каракол шаардык кеңешин шайлоого катышкан. Талантбек Иманов партиянын тизмесин түзүп, анын каржылык иштерин көзөмөлдөп турган. Кийин парламенттик шайлоого “Биримдик” менен барган. Имановдун жакындары “Дастан” заводунун акчасы шайлоого колдонулуп жатканын айтып жүрүшкөн. Анда “Биримдик” Караколдо өткөн шайлоого көп акча чачкан. “Дастандан” чыгарылган акчанын бир бөлүгүн Курманбек Дыйканбаев алганы айтылып жүрөт. Анткени Иманов Караколдон талапкер болсо, Дыйканбаев Түп районунан шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийин эле Руслан Жампеишов кармалып, анын артынан Иманов камала турганы айтыла баштаган. Бирок 2-3 ай камакта отурган Жампеишов өкүл атасына каршы көрсөтмө берген эмес. Алар жаңы келген бийлик менен сүйлөшүп алып, жоопкерчиликтен кутулуп кетти», — деп айтып берген булак басылмага.

Журналисттер Имановдон маек алууга аракет кылышканын бирок ал бир канча айдан бери жооп бербей келатканын белгилешет.

Ал арада депутат Дастан Бекешев Эсептөө палатасы «Улан» ЖЧКсында аудит өткөрүү маселесин карап жатканын кабарлады.

Бул «Азаттыктын» санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов тууралуу экинчи иликтөөсү. Буга чейинкиси Иманов менен энергетика тармагындагы коррупциянын автору саналган «Дастан» заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу болгон.

Тема боюнча: «Азаттык»: Иманов-Ширшов тандемин бир катар документтер менен далилдей алдык