Фармацевтика союзу: Кыргызстанда 400гө жакын дарынын таңкыстыгы жаралууда

Кыргызстандагы Фармацевтика союзунун төрагасы Эрнист Асанов «Спутник Кыргызстан» басылмасындагы брифингде өлкөдө 400гө жакын дарынын таңкыстыгы пайда болгонун билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда рынок кичине болгондуктан заводдор түздөн-түз каттоону каалабаган препараттардын таңкыстыгы жаралууда. Ал министрлер кабинетинин өлкөгө каттоосуз алып келинчү дары-дармектердин тизмесин кеңейтүү чечимин колдой турганын билдирди.

«Чет элдик препараттарды Түркиядан, Индиядан, Кытайдан жана кээ бир Европа өлкөлөрүнөн алып келүүнү пландап жатабыз. Калктын суроо-талабын толугу менен камсыз кыла алабыз деген үмүттөбүз», — деди ал.

Асанов Кыргызстанга дары-дармек 30 өлкөдөн ташылып келерин, алардын көпчүлүгү Орусиядан алынып келинерин билдирди. Буга чейин Кыргызстан 95% дары-дармек импортунан көз каранды экени белгилүү болгон.

Кыргызстанда минкабдын токтому күчүнө кирген, ага ылайык, милдеттүү каттоосу жок өлкөгө алып кирүүгө уруксат берилген дары дармектердин тизмеси түзүлгөн. Токтом 2020-жылдын март айында, чек аралар жабылып, коронавируска каршы дары-дармектердин жетишсиздиги пайда болгондо кабыл алынган. Быйыл 24-июнда министрлер кабинети токтомдун колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча чечим чыгарып, дары-дармектердин тизмесин кеңейткени маалым болгон.

Бул фармацевтика жаатындагы эксперттердин ортосунда бир катар талаш-тартышты жараткан. Алардын айрымдары токтомдун кесепетинен улам дарыканалар «кооптуу дарыяларды алып кире башташканын» айтышкан. Минкабдын чечимин колдогондор лицензиянын мөөнөтүн узартуу дары-дармек каатчылыгын алдын алууга жардам берет деп эсептешет.