Тажикстанда Айтматовдун романы боюнча спекталь эмне себептен өтпөй калганы айтылды

Тажикстандын маданият министри Зульфия Давлатзода министрлик Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Маңкурт. Реквием» спектаклын «өлкөнүн тышкы саясатына туура келбейт» деп тапканын билдирди. Анын айтымында, дал ушул себептүү спектаклдын бет ачары өтпөй калган. Ал Дүйшөмбүнүн «Пидада» театрында 20-майда өтүшү керек болчу.

Театрдын администрациясы ошол учурда спектакль коюлбай калганынан себебин себебин түшүндүргөн эмес, бирок спектаклга «жогору жактан» тыюу салынганын айтышкан.

«Режиссёр Чыңгыз Айтматов жазган түп нуска тексттен четтеп, ага өзүнүн кошумчаларын киргизген, муну менен чыгарманын түпкү мазмунун бурмалап салган. Мындай формадагы жана мазмундагы спекталь өлкөнүн азыркы ички жана тышкы саясатына, ошондой эле тарбия жана билим берүү жаатында өсүп келе жаткан муун үчүн туура келбейт. Ушул себептерден улам министрликкке караштуу көркөм кеңеши уруксат берген жок», — деп түшүндүрдү Давлатзода.

Барзу Абдураззаковдун Дүйшөмбү шаарында коюлбай калган спектаклынын афишасы. Сүрөт: «Медиазона. Борбордук Азия».

Бирок режиссёр өзү «Озоди» басылмасына Айтматовдун чыгармасынын мазмунун өзгөртпөгөнүн, бирок кырдаалды жана каармандарды тажик чындыгына чечмелеп бергенин билдирди.

«Биз чыгарманы Тажикстандагы чындыкка жакын кылып түзөп, тажик аялынын маңкурт уулу тууралуу сюжет жасадык. Саясатка тийишкен эмеспиз. Тажиктердин улуттук иденттүүлүгүн ачып берүүгө аракет кылдык. Мен маңкуртташууну азыр деле элибиздин негизги көйгөйлөрүнүн бири деп эсептейм. Ал эми спектакль ички жана тышкы саясатка туура келбейт деп жатышканы бул орустардан корккондук, балким алар таарынып калышы мүмкүн», — деп эсептейт ал.

«Кылым карытар бир күн» — кыргыз адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун биринчи романы. Чыгарма 1980-жылы жарык көргөн. Чыгармада маңкуртун окуясы негизги маселе катары чагылдырылган.

Айтматовдун романы боюнча Маңкурт — туткунга алынып, өткөн жашоосун унутуп, кожоюнуна баш ийип, кулга айланган адам.