«Ынтымак» паркында ырдаган Бегимай Турусбекова Андрей Малаховдун берүүсүнө катышат

Борбор калаадагы «Ынтымак» сейил багында ырдап, эртеси соцтүйүндүн жылдызына айланган Бегимай Турусбекова орусиялык шоумен Андрей Малахов менен жолукту. Бул тууралуу ырчы Инстаграм барагына жазды.

Ырчы Малаховдун «Привет, Андрей!» телеберүүсүнө катышарын Super.kg порталына билдирди.

Бегимай Турусбекова. Сүрөт ырчынын Инстаграм барагынан алынды. 

Буга чейин «Привет, Андрей» берүүсүнүн тартуучу тобу Казарманга чейин келип, Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу сюжет жасаган. Ошондой эле алар ырчыны Москвага чакырышкан.

Бегимай Турусбекова 18-июлда «Ынтымак» сейил багында ырдап, эртеси соцтүйүндүн жылдызына айланган ырчы. Ал Селин Дион, Уитни Хьюстон жана Виктора Цойдун чыгармаларын аткарып, шаар тургундарын өзгөчө үнү менен таң калтырган.

Super.kg порталына курган маегинде Турусбекова 33 жашта экенин, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында туулуп, учурда ошол эле айылда үй-бүлөсү менен жашап жатканын, Бишкекке жакында эле дарылануу үчүн келгенин айтып берген.

Ал 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, үч жыл окуганын, кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин ырдабай калганын билдирген.

Бегимай «жүрөгүнүн түпкүрүндө ырдаганга макулмун» деп белгилеген.

Тема бонча:

«Ынтымак» паркында ырдаган Бегимай Турусбекова өзү жөнүндө айтып берди