«Ынтымак» паркында ырдаган Бегимай Турусбекова өзү жөнүндө айтып берди

Борбор калаадагы «Ынтымак» сейил багында ырдап, эртеси соцтүйүндөрдүн жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Super.kg порталына маек курду. Ырчы айым өзү жөнүндө, чыгармачылыгы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

«Азыркы убакта ичиме кубанычым ушунчалык батпай жатат. Ачыгын айтканда мынчалык болорун күткөн эмесмин. Кечинде эч нерсе болбой эле уктап, эртең менен турсам ушундай дүңгүрөп кетти», — деп Бегимай эмоциялары менен бөлүштү.

Турусбекова 33 жашта экенин, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында туулуп, учурда ошол эле айылда үй-бүлөсү менен жашап жатканын, Бишкекке жакында эле дарылануу үчүн келгенин айтып берди.

«Кечинде күтүлбөгөн жерден эле кызыбызды ойнотуп келели деп паркка барып калдык. Анан бир тууган агамдын кызы Бегимай эже көптөн бери ырдаганыңызды уга элекпиз, караокеде ырдап бербейсизби деп суранып калды […] Анан ырдын биринчи куплетин ырдаганда эле элдин баары көтөрүлүп, ышкырып, кыйкырып, кол чаап киришти. Ал ырды аткарып бүткөндөн кийин эле “суранабыз” деп салышты. Анан ошончо эл суранып жатса кетип калбайсың да. Экинчи ырды ырдагандан кийин кол чабуулар дагы көбөйүп, колдоо күчтүү болуп кетти. Мен биринчи ырымды аткарганда киши деле жок болчу. Анан эле эл көбөйүп, мени эле камерага тарта башташты. Күтүлбөгөн жерден кызыктай болуп кеттим» , — деп айтып берди ал.

Бегимай бир нече күн мурда эле айылга кетмек болгонун, бирок дарыгер кабыл алууну башка күнгө жылдыргандыктан, эс алуу күндөрү сейилдеп келүү үчүн паркка барып калганын а йтат. Ал балким тагдырдын берген мүмкүнчүлүгү болду деп эсептейт.

Анын айтымында, 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, үч жыл окуган. Аны менен катар кафелерде ырдап жүрүп, кийин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин ырдабай калган.

«Мен өзүм мурдатан жакшы пландарды коюп келгем, бирок элдин алдына чыгуу пландарым ишке ашкан жок да [...] 2011-жылы конкурска катышып, жок дегенде экинчи орунга илиндим деп ишенип алгам. Бирок орун албай калып, аябай шагым сынган. Концерттен кийин аябай ыйладым. Ошондо мен ишенбей калдым, ырчылардын, тааныштардын, элдердин колдоосуна деле ошол учурда аябай ызаландым. Бул дагы себеп болду окшойт, жалкоолугум күчтөнүп кетти[...]», — деп айтып берди ал.

Бегимай мындан ары ырдайбы же жокпу айта албайм дейт.

«Өзүмдүн жүрөгүмдүн түпкүрүндө ырдаганга макулмун. Бирок жалгыз баш болбогондон кийин, үйдө жолдошум, апам бар. Эгер жолдошум каршылык көрсөтпөйм, ырдай бер десе мен макулмун. А эгер жок ырдабай эле кой десе үй-бүлөнү тандайм. Үй-бүлө деген биринчи орунда турат», — деди ал.