Бирмингемдеги XI Дүйнөлүк оюндар: Кыргызстандыктар эки медаль багынтты

Бирмингемде өтүп жаткан XI Дүйнөлүк оюндарда кыргызстандыктар эки медаль багынтышты. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында айтылат.

Алсак, Икбол Фозилджонов Кыргызстандын куржунун коло медаль менен толуктады. Ал 63,5 салмакка чейинки категорияда кикбоксинг боюнча мелдешке катышкан.

Кыргыз спортчусу Босния Герцоговинадан келген атаандашын жеңген, бирок андан кийин Мексиканын өкүлүнөн жеңилип калган. Коло байге үчүн мелдеште Фозилджонов казакстандык спортчуну жеңген.

Дүйнөлүк оюндарга мурда депутаттыкка талапкерлигин койгон Абдурахманхаджи Муртазалиев да катышкан. Ал жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медалды жеңген.

Ал 85 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып, Польша жана израилдик спортчуларды утулуу ызасын тарттырган. Бирок финалда Муртазалиев Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусун жеңе албай калган.

Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорт түрлөрү боюнча эл аралык комплекстүү мелдештер. Оюндар 1981-жылдан бери төрт жылда бир өткөрүлүп келет.

Абдурахманхаджи Муртазалиев 2022-жылы Бишкектин Свердлов шайлоо округу боюнча өткөрүлгөн кайра шайлоого катышкан. Талапкер кол санактын жыйынтыгы боюнча 19,52% добушка ээ болуп, округунда жеңүүчү болуп чыккан. Бирок Муртазалиевден бир аз кем добуш алган талапкер Шайлообек Атазов атаандашын добуш сатып алууга айыптап, ага каршы митинг уюштурган.

БШК 9-мартта Муртазалиевдин депутаттыкка каттоосун жокко чыгарган. ИИМдин өкүлү талапкердин «добуш сатып алууга тиешеси бар» экенин билдирген. Муртазалиевге берилген добуштар жараксыз деп табылган. Ошентип депутаттык мандат Атазовго тийген — ал эң көп добуш алгандардын тизмесинде экинчи орунда болчу.