Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады

Бишкек шаарынын №29 Свердлов округунан талапкерлигин койгон экс-депутат Шайлообек Атазовдун тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыгышты.

БШКнын маалыматы боюнча, Атазов Жогорку Кеңешке өткөн кайра шайлоодо шайлоочулардын 18,10% добушун алып, экинчи орунга жетишти. Ал эми Свердлов округу боюнча эң көп добушту спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев алды — 19,52%.

Митингге Атазов өзү да катышып, буга чейин Муртазалиевдин үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалганын эске салып, ИИМдин бул иш боюнча корутундусун күтүп жатканын айтты.

«Бирок талапкер [Абдурахманхаджи] Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу менен кармалышты*, 200 миң сомдой, видеосу да бар. Учурда биз ИИМдин корутундусун күтүп жатабыз, ал эми БШК анын негизинде чечим кабыл алышы керек. Ошондуктан мен бир нерсени айтып коюшум керек: бүгүн биз добуштарды дайыма сатып алган коррупционерлер**, мафия менен күрөшүшүбүз керек», — деди Атазов.

Атазов өзү Свердлов округу боюнча парламенттик шайлоону «100%га уттум» деп эсептейт.

Буга чейин Бишкек ШИИББи Абдурахманхаджи Муртазалиевдин эки үгүтчүсүн «добуш сатып алууга» шектеп кармаган — алардын жанынан 210 миң сом табылган. Ал эми Муртазалиев шектүүлөр анын үгүтчүлөрү эместигин айткан.

27-февралда Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өттү. Анткени 2021-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоодо аталган эки округда «баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыккан. БШКнын маалыматы боюнча, Биринчи май шайлоо округунан Элвира Сурабалдиева эң көп добуш алды.

Шайлообек Атазов

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан

2021-жылдын 18-февралында УКМК бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектеп кармаган. Мындан улам Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто Матраимовду бошотуу талабы менен митинг уюштурган.

Матраимов буга чейин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Шайлообек Атазов 2021-жылдын 7-мартында «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ошондой эле ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышып, бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кайра шайлоо. «Клооп» кандай бузууларды каттады?