Ысык-Көл: Эки сутканын ичинде дагы эки адам сууга чөгүп кетти

16-июлда Тоң районундагы курулушу бүтө элек «Аалам Ордо» комплексинин пляжында эки жаш жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы «Клоопко» билдирди. Чөгүп кеткендердин бири 22 жашта, экинчиси 16 жашта экени белгилүү болду.

Милициядан билдиргендей, жанында эс алып жаткандар жигиттерге жардам берүүгө аракет жасап, бирок суудан бирөөсүнүн гана денесин чыгара алышкан. Экинчи кишинин денесин ӨКМдин кызматкерлери алып чыгышкан.

Мындан тышкары, 17-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылынын ортосунда төрт жашар кыз чөгүп кеткен. Анын денеси азыркыга чейин табыла элек.

Ведомстводон кыздын денесин издөөгө 25 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылганын билдиришти.