Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар кыз изделүүдө

Ысык-Көл районунда көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 17-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылынын ортосунда болгон.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл райондук жана Балыкчы шаардык ӨКБдан 25 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана айыл тургундары менен биргеликте издөө иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылы 6-июлда Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барганга чейин, жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарышкан. Маркумдун кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат берилген эмес.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Кадамжай: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүм изделип жатат

Баткенде 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп каза болду