Президенттин Улуттук наркты өнүктүрүү программасы эмне жөнүндө?

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын долбоорун иштеп чыкты. Программанын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте келе жаткан 5 жылдын ичинде ишке ашыруу пландалган 40тан ашык иш-чаралар жана ыкмалар жазылган. Бийлик бул иш-чаралардын баарын өткөрүү үчүн 307 млн сомдон ашык каражат коротууну пландап жатат. Авторлордун ою боюнча, иш-чаралардын көпчүлүгү донорлордун эсебинен каржыланмакчы.

Программаны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик катчысына караштуу идеология боюнча атайын комиссия түзүлөт. Ага 30 млн сом бөлүнөт. Каржылоо булагы — бюджеттик каражат жана донорлордон түшкөн акча.

Кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Долбоор 4 бөлүктү камтыйт:

  • Улуттук нарк боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • Нарктуу кыргыз жаранын калыптандыруу жана өнүктүрүү;
  • Нарктуу руханий маданиятты сактоо жана өркүндөтүү;
  • Нарктуу материалдык маданиятты сактоо жана өркүндөтүү.

Ошентип 2022-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанда Улуттук нарк күнү негизделет. Андан тышкары, бийлик «улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу боюнча басма үйүн» түзүүнү пландап жатат. Ал «Улут наркы жана маданияты» деген жумалык республикалык гезитин уюштуруп чыгарат.

Басма үйүн түзүү жана иштетүү үчүн бийлик донорлордон 2,5 млн сом алмакчы. Ошондой эле, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар өткөрүлөрү белгиленди.

Класстагы окуучулар. Сүрөт: CABAR.asia.

Мындан тышкары, бардык мектептерде мугалимдердин жана окуучулардын моралдык-этикалык кодекси киргизилмекчи, ал эми коңгуроолордун ордуна кыргыз күүлөрү жаңырат. Ошондой эле мектептерге «Улут наркы» деген сабак киргизүү пландалууда.

Бийлик ошондой эле төмөнкүлөрдү ишке ашырууну каалап жатат:

  • Нарктуу үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү;
  • Салттуу үй-бүлө педагогикасын илимий-педагогикалык негизде изилдөө жана калыптандыруу;
  • Чоӊ ата жана чоӊ эне институтун жандандыруу;
  • Салттуу динди тутуу маданиятын калыптандыруу.

Бул эмне үчүн керек?

Долбоордун негиздеме-маалымкатында Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин демократиялык башкаруу формасын тандап алганы айтылат. Бирок долбоорду иштеп чыккандардын пикиринде, ал учурда «өлкө жана анын жарандары башка жактардан келген либералдык көз караштарга даяр эмес эле».

«Ушуга байланыштуу тыштан кирген таасирлер, кызыкчылыктардын өз өра кагылышы коомдун ич ара бөлүндүсүнө, түрдүү топторго, ошондой эле элдин салтына, дүйнө таанымына туура келбеген көрүнүштөрдүн массалык түрдө көбөйүшүнө дагы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген. Бардык реформалар саясий-экономикалык өсүштөргө гана арналып, элдин руханий өнүгүүсүнө тиешелүү көңүл бурулбай келген», — деп айтылат долбоордун негиздеме-маалымкатында.

Президенттин жарлыгы

Бул программанын долбоору президент ушул жылдын май айында кол койгон «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгынын негизинде иштелип чыккан. Жарлыкта өлкө башчысы Мамлекеттик катчысына Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны 1-сентябрга чейин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул программада диний ишенимдер жана каада-салттын баалуулуктары бири-бирине карама-каршы коюлбашы керектиги айтылган. Аны менен катар, «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга артыкчылык берилген».

Башкы беттеги сүрөт: Гульжан Турдубаева / «Азаттык».