Ташиев революция кылууну көздөгөндөрдүн «күлүн асманга сапырабыз» деп эскертти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда күзүндө революция болбой турганын, анткени бийликтин жасаган иштеринде эч кандай төңкөрүшкө негиз жок экенин билдирди. Мындай билдирүүнү ал sayasat.kg сайтына курган маегинде айтты.

*Камчыбек Ташиевдин интервьюсу sayasat.kg сайтында 19-июлда кечке маал жарыяланды. Маекти «Регион ТВ» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтүйүндөгү барагына бөлүштү. Аталган телеканал Ташиевге таандык.

УКМКнын төрагасынын айтымында, «жазында же күзүндө революция болот деген» «креслого жетпей калгандардын cүйүктүү сөзү».

«Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөөсү жазда, бирөөсү 2020- жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат», — деди ал.

Ташиевдин пикиринде, учурдагы бийлик Кыргызстандын тарыхындагы «эң таза шайлоону» өткөрдү.

«Шайлоолор таза өткөндүктөн Атамбаевдин эки баласы тең (Сеид Атамбаев парламенттин, ал эми Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болушкан — ред.) депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек экөө тең өтпөйт эле», — деди Ташиев.

Алмазбек Атамбаев — учурдагы бийликти сындап келген мурдагы президент. Учурда ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча колонияда жазасын өтөт жатат.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы учурдагы бийлик бардык мамлекеттик органдардагы коррупция менен күрөшүп, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын жана пенсияларды жогорулатуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

«Анан эмнеге революция болуш керек. Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Таза, эл үчүн иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын интервьюсу 17-июлда айрым оппозициячыл саясатчылар Талас облусунун тургундары менен жолугушуу өткөргөндөн кийин жарык көрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында саясатчылар «учурдагы бийлик өлкөдөгү олуттуу социалдык-экономикалык, билим берүү жана медициналык кризис сыяктуу көйгөйлөрдү чече алган жок» деп белгиленген резолюцияны кабыл алышкан.

Ошол эле учурда, оппозициячылар «эгер бийлик ушул жана башка маанилүү мамлекеттик маселелерди чечүүгө жана чогуу талкуулоого макул болсо, бийлик менен диалогго барууга даяр экенин» белгилешкен.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин УКМКнын төрагасы болгон, октябрь окуясынын жыйынтыгында өлкөдө бийлик алмашкан. Анда көптөгөн мыйзам бузуулар менен парламенттик шайлоо массалык нааразычылыктын себептеринин бири болгон. Нааразычылык күч кызматкерлери менен кагылышууга, Ак үйдү басып алууга жана ТИЗОдогу бир катар саясатчыларды бошотууга алып келген. Митингге чыккандар учурдагы президент Садыр Жапаровду да колониядан бошотушкан.

Октябрь окуяларындагы толкундоолордун шартында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен, ал эми Садыр Жапаров өзүн алгач премьер-министр, андан кийин өлкө башчынын кызматын убактылуу аткаруучу кылып дайындап алган. Кийинчерээк ал президенттик шайлоо өткөрүп, жеңип чыккан, андан соң Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөргөн. Жыйынтыгында бардык бийлик президенттин колуна топтолгон.