«“Дежур” каналдар». Куршабда тургундар менен «Региондун» мурдагы журналисти чырдаша кетти

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Мирлан Ураимов менен журналист Акниет Кеңешов пикир келишпестиктен улам чырдаша кетишти. Окуя 25-апрелде Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы борбордук стадионунда орун алды — бул күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча эл менен жолуккан.

Чыр Ураимов мамлекеттик жана Ташиевге караштуу телеканалдар «элге калп маалымат жеткизип жатат» деген пикирин айткандан кийин чыккан. Ошондой эле, ал аталган ЖМКларды «элдин үнүн жеткизбей жатасыңар» деп айыптады.

«Бул жерде “дежур” каналдар жана башкалар турат. Булар тартпайт, элдин көйгөйүн укпайт. Булар азыр мактагандарды, кол чапкандарды тартат жана кечинде телеканалдардан көргөндө жыргап жатып каласыздар. Урматтуу КТРК, ЭлТР, ОшТВ жана башкалар…“Аймак ТВ” дегени бар, орусчасын айтпай эле коёюн (Регион ТВ — редакция). Бир укмуштуудай нерселерди айтат, көрөсөңүздөр өзүңүздөр. Жеке каналдар, Youtube-каналдары бар — урматтуу ошолор, кымбаттуулар, элге калп маалыматты жеткизип жаткандар, “бийлик кыйратып жатат” дегендер: келиңиздер элдин үнүн угуңуздар бул жакка келип, элдин үнүн тартыңыздар. Элдин үнү элге жетсин. Бул жакта көпчүлүк айтып жатат кетип да калсаңар болот», — деди Ураимов.

Көп өтпөй Ураимовдун айткандарына журналист Акниет Кеңешов жооп берди. Ал «7-канал» жана «Регион» телеканалдары «эч кандай дежур канал эмес» деди.

«Мен Оштогу “7-каналда” үч жыл иштедим, “Региондо” эки жыл иштедим. Элдин астында иштеп келген адам боломун. Чоң-Алайга барып “Региондон” кайсы бала келди деп сурасаңыз, азыр барыңыз...элдин көйгөйүн тартып келген бала мен боломун, түшүндүңүзбү? “Регион”, “7-канал” эч кандай “дежур” канал эмес», — деди Кеңешов.

Бирок жергиликтүүлөр Кеңешов сүйлөп атканда колунан микрофонду тартып алып, ага андан башка сөз беришкен жок. Журналист сахнадан кете баштаганда ондогон тургундар капыстан чуркап келип, «сени эч ким чакырган жок» деген сөздөрдү айтып, стадиондон кууп чыгарышты. Жаңжал чыкканда милиция кызматкерлери журналистти курчап, кырдаалды турукташтырууга аракет кылышты. Натыйжада Кеңешов стадиондон чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ош облусттук ичики иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жаңжал Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айлынын туругуну Мирлан Ураимов жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургунунун ортосунда чыкканын билдиришти. Ага сөз талашуу себеп болгон дешти. Эки тараптын бир-бирине доосу жок болгондуктан алар коё берилгенин белгилешти.

Кеңешовдун социалдык баракчасында ал «7-канал» жана «Регион» телеканалында иштейт деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал Камчыбек Ташиевдин айылдашы. Барпы айылы Ташиевдин да кичи мекени.

Мындан сырткары ал шаардык кеңештерге болгон шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон. Аталган партияны Ташиев менен байланыштырып келишет. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине ушул партия менен аттанып, депутаттык мандатка илинди.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын төрагасы Айбек Маткеримов да Барпы айлынан болот.

Ал эми Ураимов «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү жана бул партия менен парламенттик шайлоого катышкан. Активист «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга 50 гектар жер берүүгө каршы нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири. Ошондой эле ал фейсбуктагы «Мекендеш ТВ» баракчасы аркылуу «Кемпир-Абад» боюнча элдин пикирин түз эфирде чагылдырып келет.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров дагы «Кемпир-Абад» суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин сындаган.

«7-канал» жана «РегионТВ»

«7-каналдын» юридикалык аталышы «Канал D» телерадиокомпаниясы, анын жетекчиси Алтынбек Жумаев. Ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын «Апрель» коомдук фонду көрсөтүлгөн.

*Юстиция министрлигинде Казыбек Ташиевге катталган «7-канал» да бар, ал УКМК башчысынын бир тууганы. Бирок телеберүүгө чыккан «7-канал» — бул «Канал D».

Атамбаев бул каналды 2018-жылы Майрамкүл Мамбеталиевадан 7 млн сомго сатып алган. Ал эми 2019-жылдын август айында Атамбаев коррупцияга шектелип, телеканал Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган. Жумаевдин айтымында, «7-каналдын» обого чыгуу лицензиясы Атамбаевдин «Форумуна» тиешеси бар, бирок компаниянын мүлкү мурдагы президентке караштуу эмес.

Атамбаев камакка алынган соң «Канал D» компаниясынын мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиева телеканалды сот аркылу кайтарууга аракеттенген. Мамбеталиева сатып-алуу келишимдеги анын колу жасалмаланганын билдирген. «Апрель» телеканалы бул аракетти «рейдерлик басып алуу» катары баалаган.

Ал эми октябрдагы төңкөрүштөн кийин телеканал абактан бошотулган Садыр Жапаровдун саясатын колдоп баштаган. Мындан сырткары кезексиз президенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында «7-канал» бир гана Жапаровдун үгүт материалдарын ободон кетирген. Жапаровдун штабы «Канал D» ЖЧКсына жалпысынан 1 млн 300 миң сом которгон.

«7-канал» бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов «Коррупцияга» күнөлүү деп табылып, айыпка жыгылганда аны «актоого» аракет жасаган. Журналисттердин телеберүүсүнө Матраимовго каршы сүйлөгөн бир дагы респондент чакырылган эмес.

Ал эми «Регион» Юстиция министрлигинин базасында «АРТВ телерадиокомпаниясы» деп катталган — алгач анын башкы директору болуп «Мекенчилдин» мурдагы талапкери Рамиз Каимов көрсөтүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө «Регионду» Эрали Маматов жетектейт.

«Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу болгонун тастыктаган.