10 жаштагы кызды порно бизнеске аралаштырууга шектелип өгөй атасы кармалды

Кыргызстанда өгөй атасы 10 жаштагы кызды порнобизнеске аралаштырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Oasis фондунун директору Мээрим Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, зомбулуктан жапа чеккен учурда кыз 10 жашта болгон, ал азыр 12 жашта. Окуя 2022-жылдын башында гана ачыкка чыккан.

Осмоналиева шектүү жашы жете элек кызды порнобизнеске аралаштырганын белгиледи. Ал порно сайттарда кыздын сүрөттөрүн жана видеолорун сатып жүргөн.

«Бул фактыны АКШнын укук коргоо органдары аныкташкан. Атайын кызматка маалыматты АКШнын мамдепартаменти жеткирген», — деп айтып берди Осмоналиева.

Анын айтымында, кызды үй-бүлөдөн алып кетишти. Ал азыр реабилитациялык борборго жайгаштырылды.

Осмоналиева прокуратура ишти сотко өткөргөнүн белгиледи. Шектүүгө «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери», «Баланы порно бизнеске тартуу», «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» жана «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» беренелери боюнча айып тагылды.

«Шектүү 2022-жылдын март айында эле кармалган. Азыр ТИЗОдо», — деп кошумчалады Осмоналиева.

Кыздарга жана аялдарга карата зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Анын айтымында, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Жусупбекова жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгонун тактаган.

Ал эми өткөн жылдын январында ИИМ Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккенин билдирген. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.

Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 2021-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылды. Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат.

Алардын маалыматына караганда, бул укук коргоо органдарынын жабырлануучуларга кайдыгер реакциясы, жогорку квалификациядагы аял тергөөчүлөрдүн жана атайын даярдалган соттордун жоктугу менен байланыштуу.