ИИМ: Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйдө же конокто жасалат

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен.

Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилейт. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.

«Балдардын уюлдук телефонуна “Менин аймактык инспекторум” жана “112 Кыргызстан” колдонмолорун орнотуп бериңиз. Бул колдонмолор жардам керектиги тууралуу билдирүү жөнөтүүгө жана өзгөчө кырдаал жаралса эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат алууга жардам берет», – деп айтылган билдирүүдө.

Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук учурлары жылда катталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 4 айында эле Кыргызстанда 24 жашы жете элек балага карата сексуалдык зомбулук жасалган.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматына караганда, 2018-жылдын аягы, 2019-жылдын башында жүргөн эки айлык үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган 55 факты катталган. Балдар өздөрү эч жакта каттоого алынган эмес.

Ушул 55 фактынын ичинен 27 учуру — такай болуп турган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Эки же үч киши кыздарды 10-12 жыл бою зордуктаган фактылар болгону белгиленген.

ТЕМА БОЮНЧА: