«Тез жардам келбей койду». Араванда 7 жашар кызынан айрылган ата-эне чындык издейт

Сүрөт: 7 жаштагы кыздын апасы Уулкан Адинаева/Kloop

Ош облусунун Араван районундагы Ачы 7 жаштагы секелек сокур ичегиси жарылып каза болду. Анын ата-энеси кызынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгын күнөөлөшүүдө. Окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында дарыгерлерге сөгүш берилди.

Эмне болду?

Ачы айылынын тургуну Уулкан Адинаеванын айтымында, 5-июлда анын кызынын абалы начарлай баштаган. Кыздын ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөндүктөн тез жардам кызматына кайрылышкан.

Бирок тез жардам кызматынан кыздын денесин «ным сүлгү менен сүртүп, парацетамол берүү керектигин» айтышып, өздөрү келишкен эмес.

«Тез жардам келбей койду. Кайра чалып: “Кызымдын дене табы түшкөн жок. Эмне кылсам болот? Келесиңерби?”, — десем, “Арак сүртүпсүңөр, эми нымдалган сүлгү менен сүрткүлө”, — деген. Нымдалган сүлгү менен сүрттүм. “Дагы бир парацетамол берип коюңуз”, — деди. Дагы бирөөнү ичирдим. Дене табы түшкөн жок. Мен сүйлөп бүтө электе эле тез жардамдагы кыз телефонун өчүрүп койду», — дейт кыздын апасы.

Бир күндөн кийин ата-энеси секелекти аймактык үй-бүлөлүк дарыгерге алып барган. Ал жактан кыз «тамак-аштан ууланышы мүмкүн» деп тамчылатма дары коюшуп, укол жазып беришкен.

«Мен “кусуп, ичи ооруп жатат” десем медайым ичин кармап көрдү дагы, тамчылатма дары менен жамбаштан укол жазды. Тамчылатма дарысы бүткөндөн кийин, кызым: “Апа, дагы эле ичим ооруп жатат”, — деди. Булар анализ тапшыр дебейби? [...] Медайым УДИге салса болмок, диарея деп “дагы бир тамчылатма дары жазып койдум” деди», — деп нааразы болду эне.

7-июлда кыздын ич ооруусу басылбагандыктан аны райондук ооруканага алып барышкан. Текшерүү учурунда кыз аппендицит болгону аныкталган, бирок ооруканада наркоз жок болгондуктан аны Ош шаарына алып барууну сунушташкан.

Бейтапты Ош облустук балдар ооруканасына алып келгенде ага аппендицитке операция жасалган. Апасынын айтымында, кыздын абалы эки сааттык операциядан кийин жакшырган. Бирок андан бир саат өткөндөн кийин абалы начарлап каза болуп калган.

Облустук оорукананын дарыгерлери муну «аппендицит 3 күн мурда жарылып, боорду кысып койгон» деп түшүндүргөн.

«Ошко барганда: “Силер кеч калып калдыңар, укол сайганда эле аппендицит жарылып, ичине тарап, ичегиси ирип кеткен. Биз кызды сактап калалы деп аракет кылдык”, — деди. Жанагы тамчылатма дарыны алгандан кийин аппендицит жарылып кеткен экен», — деди ал.

Учурда кыздын ата-энеси тез жардам келбегенине, дарыгерлер текшерүүгө алып туура диагноз койбогонуна нааразы болуп жатышат. Алар тиешелүүлөр жазасын алсын деп талап кылышты.

«Мына мен баламды жоготуп, күйүп калдым. Чырактай болгон кызымдан айрылып калдым. Ичим күйүп жатат. Азыр эч ким билбей жатат. Мен өзүм күйүп жатам. Башкасы күйбөсүн деп ушул ишти жасап жатам. Менден башка ата-эне ушундай чыркырабасын», — деп сыздады эне.

«Өз убагында карадык деп айта албайбыз»

Араван райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Кутманбек Айтибаев «алардын ишинде кемчилик болгонун» мойнуна алды.

«Биз: “Идеалдуу, өз жайында, өз убагында карадык”, — деп айта албайбыз. Бул жерде “убакыттан кармалып калган, жакшы көңүл бурулбай калды, убакыт созулуп кетип, көп жатып калды” деген даттануулар болуп жатат да. Эртерээк кыймылдап, эртерээк чечим чыгарып, биз кызды эртерээк облустук ооруканага жөнөткөндө, балким кыз аман калмак», — дейт ал.

Айтибаев комиссиянын корутундусуна жараша тиешелүү чара көрүлөт деп ишендирди. Ошондой эле өзү да моралдык жоопкерчиликти сезе турганын кошумчалады.

Ал эми секелектин өлүмү боюнча түзүлгөн атайын комиссия 18-июлда корутундусун чыгарды. Анда «жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн» Айтибаевге эскертүү, ал эми борбордун бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланган.

ССМдин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов «Клоопко» берген маегинде эч кайсы кызматкер жумуштан алынбаганын тастыктады. Ал комиссиянын корутундусу министрликке жиберилгенин, акыркы чечим ошол жактан чыгаарын айтты.

Редактору: Айбике Адилет кызы