Айыл чарба министрлиги: Казакстанга 330 млн метр куб суу берилет

19-июлда Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккалы Брекешев Кыргызстан Казакстанга сугат үчүн 330 млн метр куб суу коё берерин билдирди.

Ал эми Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Азаттыкка» маек куруп, суу буга чейин макулдашууда жетишилген көлөмдө гана берилип жатканын билдирди.

«Кыргызстан Казакстандан өткөн жылы, Токтогул суу сактагычында суу азайган учурда алган 900 млн. кВт. саат энергиясын үч жылдын ичинде төлөп бермей болгон. Токтогул суу сактагычынан суу агызмайынча электр энергиясы чыкпайт да. Ошондуктан 330 млн. ошол жакка агып кетет», — деп түшүндүрдү Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев.

Электр энергиясын сууга алмашуу келишими

2021-жылдын мартында өлкөлөр макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз айларында Кыргызстанга 900 млн кВт саат электр энергиясын берүү милдетин алган.

Мунун ордуна Кыргызстан Казакстандан алган 900 млн кВт саатты үч жыл аралыгында, 2023-жылга чейин кайтарып берет, тагыраагы, жыл сайын июндан август айына чейин 330 млн метр куб суудан (300 млн кВт саат) берип турат.

Бийликтин айтымында, мындай алмашууга 2021-жылдагы энергетикалык кризис себеп болгон. Мындан улам өлкөнүн электр энергиясынын негизги булагы болгон «Токтогул» суу сактагычында суунун деңгээли аз болгону байкалган. Кышында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрди түзгөн. Бул акыркы жылдардагы эң аз көрсөткүч болгон.

Ал убакта бийлик энергетикалык кризистин шартында күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттой баштаган.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева