Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери саммитте. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында беш мамлекеттин президенти катышкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды.

Саммиттин алдында айрым эксперттер талкуулануучу маселелердин бири Украинадагы согуш болушу мүмкүн экенин айтышкан. Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага бастырып кирген — аймактагы согуштук аракеттер дагы эле уланып жатат.

Бирок президенттердин бири да Украинадагы согуш тууралуу ачык айткан жок. Ошол эле маалда президенттер дүйнөлүк экономикалык кризистен жана Ооганстандын бийлик башына «Талибан» радикалдык кыймылынын келиши менен келип чыккан көйгөйлөрдү биргелешкен аракеттенүүнү күчөтүү менен чечүүгө боло турганын белгилешти.

«Клооп» президенттер эмне жөнүндө сөз кылышканы тууралуу кенен баяндап берет.

Токаев: Аймактагы өлкөлөрдүн биримдигинин демонстрациясы

Биринчи эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө «геосаясаттагы жана дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук шартында бүгүнкү саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин көрсөтөт» деп белгиледи.

Токаев кесиптештерин аймакта калган туруксуздук факторлорун жоюу үчүн мүмкүн болушунча колдон келген аракеттерди көрүүгө чакырды.


«Мамлекеттер арасындагы чек арада атылган ар бир октун оор үнү тиешелүү тараптарда эле эмес, бардык аймакта жаңырат», — деп, Токаев талаштуу маселелерди «жакшы коңшулаштыктын духунда тынчтык жолу менен гана чечүү мүмкүн» экенин белгиледи.


Ошондой эле Токаев «Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларын делимитациялоого көмөк көрсөтөт» деп билдирди.

Касым-Жомарт Токаев саммитте. Сүрөт: Казакстандын президентинин сайты.

Токаевдин айтымында, алар Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери менен Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча «алдын ала конкреттүү жана өтө пайдалуу келишимдерге» жетишти. Токаев бул туурлуу кенен айткан жок, бирок «Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет» деп белгиледи.

Кабар-Ата-1 ГЭСнин курулушу ушул жылдын июнь айынын башында башталган. ГЭСти Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте сала турганы айтылган. Токаев ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдү мөңгүнүн эришине каршы күрөшүүгө чакырды.

Ал буга кошумча Борбор Азия өлкөлөрүндө өз ара сооданы өстүрүүгө эбегейсиз резерв бар экенин белгиледи. Токаев Казакстан башка Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-сатыкты 15 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатканын билдирди.

Казакстандын президенти баардык өлкөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдалануу үчүн аймактагы өлкөлөрдүн транспорттук байланышын жогорулатуу керек деп белгиледи.

Мындан тышкары, Токаев «маалымат айдыңында бүтүндөй аймакка зыян келтирген терс көрүнүштөрдү таасирин тийгизген көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн» өлкөлөрдүн өз ара мамилесин бекемдөө керек деп айтты.

Ал үчүн жалпы аймактык телеканал же жаңылыктар интернет сайтын ачууну сунуштады. Анын айтымында, ЖМК азыркыга чейин «аймактагы өлкөлөрдөгү турмушту чагылдырууда маалыматтын жетишсиздигин байкоода». Кийин жалпы аймактык телеканал түзүү демилгесин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да көтөрүп чыкты.

Рахмон: Түрдүү радикалдык күчтөр аймакта туруксуздукту жаратууда

Токаевдин кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сөз алды. Ал өз сөзүндө «Борбор Азияда диний радикализмдин өтө кыйратуучу идеологиясын жайылтуу — эң эле олуттуу чакырык» деп билдирди.

Ошондой эле ал ушул жылы аймактагы өлкөлөрдө болгон нааразычылыктар «түрдүү күчтөр стабилдүүлүктү бузуу планындарынан дагы деле кайтпай келе жатканын айгинелеп турат» деп эсептейт.

Анын айтымында, ал окуялар «айрым күчтөр , анын ичинде соцтүйүндөгүлөр биздин жарандарды түрдүү акцияларга тартуу аракетин колдонууну улантып жатышканын көрсөтүп турат».


«Соңку окуялар диний радикалдар жана экстремисттер коомубуздун кайсы гана болбосун нааразычылык потенциалын өздөрүнүн арам ойлуу максаттарында колдонуп кетүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү», — деди Рахмон.


Эмомали Рахмон саммитте. Сүрөт: Тажикстандын президентинин сайты.

Ал Ооганстан боюнча да оюн айтты. Анын пикиринде, былтыр «Талиб» кыймылынын бийликке келиши менен башталган процесстер Борбор Азияга «терс таасирин тийгизип жатат». Буга байланыштуу ал «аймактык коопсуздукка каршы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүүнүн конкреттүү механизмдерин түзүү максатында» атайын кызматтардын ортосундагы координацияны бекемдөөнү сунуштады.

Бердымухамедов: Аймактагы туруктуулукту бузуу аракеттерине биргелешип каршы турушубуз керек

Үчүнчү болуп Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов сөз алды. Ал Консультативдик жолугушууга алгачкы ирет катышты.

Бердымухамедов да айрым бир коркунучтарга токтолуп, аймактын ичиндеги саясий туруктуулукту бузуу аракеттери бар экенин айтты. Ал чөлкөмдөгү мамлекеттер «аларга биргеликте каршы турушу керектин» белгиледи.

Түркмөн президенти кесиптештерин Ооганстандагы «абалды турукташтырууга аракетти күчөтүүгө» дагы чакырды. Ал аймактык жаңжалдар күчөп жаткан шартта алардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чөлкөмдөгү мамлекеттерде «биргеликте макулдашылган позициянын» болушу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Сердар Бердымухамедов жана Садыр Жапаров саммитте. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Мындан тышкары, ал терроризм жана аймактагы өлкөлөргө диний радикалдык топтордун кирип кетүүсүнө байланышкан коркунуч бар экенин айтты.

Мирзиёев: Экономикалык кризиске каршы туруу үчүн биргелешкен өндүрүштөрдү ачуу керек

Түркмөн башчысынан кийин сөз кезегин Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев алды. Ал дүйнөлүк экономикада кризис күчөп жаткандыктан чөлкөмдөгү мамлекеттер «салттуу логистикалык чынчырчалардын үзүлүү маселесине тушгуп, импорттук инфляция өсүп, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздуктун тобокелчиликтери алда канча өскөнүн» белгиледи.

Өзбек лидери мамлекеттер бул көйгөйлөрдү акырындык менен чечип жатканын билдирди.

«Бул багытта көптөгөн тоскоолдуктар алынып, жарандарыбыздын эркин кирип-чыгуусуна, активдүү маданий жана туристтик алмашууга шарттар түзүлдү. Өз ара сооданын жана инвестициянын өсүшүнө жагымдуу шарттар түзүлдү […] Биз ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашыра баштадык, ээфективдүү кошумча нарк чынжырчаларын түзүп жатабыз, транспорт жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүп жатабыз», — деди ал.

Мирзиёев чөлкөмдөгү мамлекеттерге үчүнчү өлкөлөрдөн келген «кымбат жана дайыма эле сапаттуу болбогон импортту» аймактагы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары менен алмаштырып, биргелешкен өндүрүштүк кооперация долбоорлорун алдыга жылдыруу манилүү болуп турганын айтты.


«Биздин бизнес чөйрөлөр чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикаларынын бири-бирин толуктоо факторун жана атаандаштык артыкчылыктарын колдонуу аркылуу өндүрүш түзүүгө кызыктар», — деп белгиледи Мирзиёев.


Шавкат Мирзиеев саммитте. Сүрөт: Өзбекстандын президентинин сайты.

Өзбекстандын президенти жыл сайын Борбор Азия аймагынын форумун өткөрүп турууну жана аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн биргелешкен ишкерлик климатын түзүүгө умтулууну сунуштады

Жапаров: Аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат

Акырында сөз кезегин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алды.

Сөзүнүн башында ал Ооганстандагы кырдаал «Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип жатканын» белгиледи. Анткен менен ал талибдердин бийликке келишин «катаал чындык» экенин, ал кабыл алынууга тийиштигин билдирди. Анын пикиринде, аймактагы өлкөлөр «бул багытта биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгышы керек». Жапаров Кыргызстан ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча байланышып жатканын кабарлады.

Садыр Жапаров саммитте. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Садыр Жапаров Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда башаламандыктарга жана курмандыктарга алып келген массалык нааразылыктар тууралуу да айтты. Анын пикиринде, бул окуялар «деструктивдүү күчтөрдөн, анын ичинде диний фанаттарды жана кылмышкерлерди өз тарабына тарткан тышкы күчтөрдөн коопсуздукту камсыздоо маселелерин алдыңкы планга чыгарды».


«Өз кезегинде Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү жана олуттуу аракеттерин толугу менен колдойт. Мындан ары социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине жол бербөө керек. Бул багытта өз ара аракеттерибизди бириктирүүгө чакырам», — деди ал.


Ошондой эле Жапаров Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларын макулдашуу боюнча сүйлөшүү процесстерин аяктоо үчүн Кыргызстан саясий эркин ырастарын белгиледи.

Кыргызстандын президенти дүйнөлүк соода түйүндөрү үзгүлтүккө учураганына, товарларга жана чийки затка экспорттук чектөөлөр киргизилип жатканына карабастан Борбор Азия өлкөлөрү өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга толук жөндөмдүү экенин билдирди.

Мындан тышкары, Жапаров Кыргызстан суу ресурстарын топтоо жана сактоодон азырынча ушул кезге чейин өз баасын ала электигин белгиледи.


«Суунун жогору жагындагы өлкөлөр бир нече жылдар алдын ала эле суунун аз болгон мезгилинде дагы сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушу үчүн дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм», — деди Садыр Жапаров.


Жапаров аймактагы өлкөлөр соода-сатыкты эркин жүгүртүү үчүн транспорттук инфраструктурасын жакшыртып, туристтер жалпы чек арадан өткөндө жеңилдиктерди киргизип, адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурушу керектигин да айтты.

«Эксперттердин болжолдоолору боюнча, дүйнөлүк экономикалык “тартылуу борбору” акырындык менен Азияга карай жылып жатат, бул биздин аймак үчүн, анын ичинде экономиканын “жашыл”, санариптик жана креативдүү секторлорун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп жыйынтыктады ал.

Саммиттин жыйынтыгы

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары катышкан IV Консультативдик жыйыны болгону беш документке кол коюу менен аяктады. Анткен менен өлкө башчылары мындан көп эле документтердин топтомуна кол коюшары күтүлгөн.

Бирок Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимине кол койгону жыйындын башкы жыйынтыктарынын бири болду.

Бул келишимге Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери кол коюшкан жок. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов «өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат» деп түшүндүрүштү.

Садыр Жапаров келишимге кол коюлганын «тарыхый учур» деп атап, «документ Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсүнө бекем негиз болуп берет деп ишенерин» билдирди.