Жалал-Абадда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталды

8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо салтанаты өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Өлкө башчысы сөзүндө гидрокурулушчуларды өлкө үчүн кубанычтуу окуя — Камбат-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдыктардын башталышы менен куттуктады.

«Камбар-Ата-1 иштеп калса Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. […] Кудай буйруса, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын келечегине биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот», — деди ал.

Ал эми энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттерге 8-июнда инженердик тоннель өткөрүү үчүн тоо тегин жардыруу пландалып жатканын айтып берди.Бул тоннель аркылуу, Бекмурзаевдин тактоосуна ылайык, гидроэлектростанциянын бийиктиги 256 метрди түзгөн плотинасы курулганга чейин Нарын дайрасы өткөрүлөт. Министрдин айтымында, плотинанын өзү 2024-жылы курула баштайт.

Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСинде жалпы төрт агрегат иштей турганын, биринчисин 2028-жылы ишке киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, Бекмурзаев бүгүнкү күндө Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир агрегат иштеп жатканын, экинчи агрегатты 2024-жылдын аягында ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.

Буга чейин президент Камбар-Ата-1 ГЭСи Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте куруларын билдирген.

Ал эми Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2022-жылдын март айынын аягында өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 2022-жылы 20 млн доллар бөлүүнү пландап жатканын айткан болчу.

Минкабдын башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса гидроэлектростанция Камбар-Ата-2 ГЭСтин ишке кирүүсүнө дагы мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.

«Ошондо ишке кирген эки ГЭСтин толук жана белгиленген кубаттуулугу 1000 мегаватты түзөт. Эгер аны пайдалуу киловатт сааттарга айлантсак, бул болжолу менен 3,5-4 млрд Квт саат. Бул болжолу менен азыр Токтогул ГЭСи иштеп чыккан көлөмгө барабар», — деген минкабдын төрагасы.