Билим берүү министри: Жогорку окуу жайлар абитуриенттерди жылына эки ирет кабыл алат

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар мындан ары абитуриенттерди жылына эки жолу кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, абитуриенттер жогорку окуу жайларга сентябрь жана январь айларында тапшыра алышат.

«Негизи максаты, кандайдыр бир себептерден улам сентябрда окууга өтө албай калган абитуриенттерге бир жылын текке кетирбей, университетке кайрадан тапшыруусуна шарт түзүү болуп саналат. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, билим берүү мекемелери кам көрүп жатышат», — деди ал.

Бейшеналиев жалпы республикалык тестирлөө дагы май жана ноябрь айларында өткөрүлөрүн кошумчалады.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда жалпы 232 миң студент билим алат, анын 82 миңи чет элдик студенттер.

Тема боюнча:

Минкаб: Болочок педагогдорго ЖОЖдо гранттык негизде 4,5 миң орун берилет