Минкаб: Болочок педагогдорго ЖОЖдо гранттык негизде 4,5 миң орун берилет

Кыргызстанда 2022-2023 окуу жылына карата 6 000 миң билим берүү гранты бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 4 663 орун педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт.

Ошол эле учурда минкабдан жогорку окуу жайларында табигый-техникалык жана педагогикалык багыт боюнча кошумча 205 гранттык орун бөлүнөрүн белгилешти.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайларына тапшырууда жеңилдиктерге ээ болгон абитуриенттер да бар. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттер;
  • майыптыгы бар жарандар;
  • 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларында каза болгон адамдардын балдары;
  • «кайрылман» статусуна ээ болгон адамдар;
  • чет мамлекетте жашаган этникалык кыргыздар.

Минкабдан 80 мамлекеттик билим берүү гранты эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилгенин дагы кошумчалашты.

Мугалимдердин маянасы

2022-жылдын апрелинде билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгы төмөнкүдөй көтөрүлгөн: педагогикалык персоналдыкы 80%га, кенже жана техникалык персоналдыкы 80%га, административдик кызматкерлердики 50%га.

Мурда мугалимдерге иштеген сааттары үчүн айлык төлөнчү, эми болсо алардын белгилүү бир коюму бар, ал ар бир мугалимге жекече эсептелинет.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлнар Тохтакунова учурда жеке жана мамлекеттик окуу жайларда маяна бирдей болуп теңелгенин белгилеген.

2022-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убадалаган.