Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнө салды

Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты.

Шаповалов 74 жашта болчу. Азыр эмнеден каза болгону айтыла элек.

Акын 1947-жылдын 28-октябрында Фрунзеде туулган.

Шаповалом орус акыны, Кыргыз Республикасынын эл акыны, түрк жана европа поэзиясын которгон, филология илимдеринин доктору, профессор катары белгилүү. Кыргыз улуттук университетинин илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору жана 2012-жылдагы «Орусия сыйлыгынын» лауреаты.

Вячеслав Шаповалов «Манас» эпосунун, Махмуд аль-Кашкари энциклопекдиясынан байыркы түрк поэзиясынын эпизоддорун, кыргыз акындардын лирикасын, XX кылымдын классиктеринин эмгектерин которгон.

Материалдын автору Лев Потапов.