Иллюстрация: Ырыскелди Алмазбек уулу

Кыргызстанда лесбиянка, гей, бисексуал же трансгендер болууга тыюу салынбайт. Бирок өзүңдүн башкаларга окшош эместигиңди айтуу коомдун катуу басымына, ал эле эмес, зордук-зомбулугуна же опузасына алып келиши ыктымал.

Ал эми өлкөнүн аймактарында ЛГБТ-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн укуктары корголмок тургай, жергиликтүүлөрдүн жанында бул темада кеп кылууга да мүмкүн эмес.

Биз алыскы Баткен облусунда жашаган ЛГБТ-коомдоштугунун өкүлү менен маек курдук. Ал аймактагы жашоо, кабылган кыйынчылыктары жана кыял-максаттары тууралуу өзүнүн мисалында айтып берди.

*ЛГБТ деген аталыш лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендерлердин коомдоштугун билдирет. Негизи квир коомдоштугу мындан да кенен — сексуалдык иденттүүлүктүн көптөгөн түрү бар.

Ал эми сексуалдык ориентация адамдын кайсы жыныстагы кишиге романтикалык же сексуалдык кызыгуусу болгонунан аныкталат. Мисалы, эркек кишиге эркек жакса, ал гомосексуалдуу болот.

*Каарманыбыздын суранычы менен аты өзгөртүлүп берилди.

«Коомдун басымынан улам үйлөндүм»

Самат Баткендин чек арага чектеш айылында туулган. Жогорку билимге ээ болуп, жумушка орношкон соң облуска жакын шаарга көчүп келген.

Каарманыбыздын айтымында, ал өзүнүн ориентациясы тууралуу 4-5-класстарда окуп жүргөндө билген. Ал эми 9-классында өзүн толук кабыл алган.

Саматтын айтымында, мурда анын келбетине, жүрүм-турумуна карата айтылган сындар аны сарсанаа кылып келген. Ушак-кептерден жана коомдун басымынан улам ал үйлөнүүгө мажбур болгон.


«Ар кандай ушак сөздөр айтылып, “бир ооруусу бар окшойт” деген кептер тарап кеткен. Айла жоктон үйлөнгөм, азыр үй-бүлөм менен жашайм», — дейт ал.


Саматтын жакындары анын ориентациясынан кабардар эмес. Өзү жашаган аймакта менталитеттен улам ЛГБТ-адамы экенин болушунча жашырганга аракет кылат.

Бирок ошентсе да ал дискриминацияга, басмырлоого, а түгүл зомбулукка кабылып келгенин айтат.

«Менталитет деген нерсе бар, “азчылык коомунун өкүлүмүн” деп ачык айта албайсың. Бирок баары бир көпчүлүктөн дене кыймылыңдан, кийген кийимиңден айырмаланып каласың. Адамдар артыңан “кызга окшош экен, көрдүңбү?” деп сөз кылышат», — деди ал, бул «көнүмүш адат болуп калганын» айтып.

Самат өткөн жашоосунда эркек киши тарабынан зордукталганын да эскерди. Анын айтымында, окуя бир нече жыл мурда болгон. Ал кечинде көчөдө ичимдик ичип отурган тааныштарына жолугуп калган. Алардын бири Саматты үйүнө жеткирип коймок болгон.


«Унаага отурдук, отургандан кийин “экөөбүз бир жерге барып келели, анан бир жолу кетебиз” деди. Андан кийин мени адырга алып барып, зордуктап, таштап кетти. Үйгө таңга маал келгем, өзүмдү аябай жаман сезгем, чынында. Жаман болуп аттым, өзүмдү жемеледим… Ошол окуядан кийин ал адамды көргөн жокмун», — деди ал.


Самат бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылган эмес — ал муну «аларга ишенбегени» менен түшүндүрдү. Анткени Самат «ЛГБТ-адамдары баарынан да укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн зомбулук көрүшөт» дейт. Анын айтымында, ички иштер органдарынын кызматкерлери аталган коомчулуктун өкүлдөрүн «мазактап, басмырлашат».

«Мени ар дайым ойго салганы бул — укук коргоо органдары. Алар адам укуктарын коргошу керек, а бирок алар тескерисинче укуктарды бузушат. Ушул системаны өзгөрткөнү салым кошсом деген ойлорум бар. Себеби булар да ЛГБТ-коомчулугун түшүнүшү керек», — деп эсептейт ал.

«Коомчулук менен иштеп, колумдан келген жардамды берем»

Саматтын кыялы — азчылык коомдун өкүлдөрүнө башкалар менен бирдей шарттарды түзүү. Ал учурда коомдук иштерге активдүү катышат, көйгөйлөрүн айтып кайрылган жергиликтүү тургундарга жардам бергенге аракет кылат.

«Жаштыгымда окууну бүтүп, чоң жерде иштеп же депутат болуп, адамдарга жардам берсем деп кыялданчумун. Азыр жарымы аткарылды го дейм, себеби коомчулук менен иштеп, колумдан келген жардамды берем. Кээде уктаганга убакыт жок, чалып, көйгөйлөрүн айтып кайрылышат. Аткарылбаган кыялдарымдан бир гана парламентке жетпедим окшойт — мыйзам жазып, өзгөртүп, азчылыкты көпчүлүккө кошкум келет эле», — дейт ал.

Самат ЛГБТ-адамдары бир нече жыл мурдагыга караганда азыр эркинирээк жүрүп калган деген пикирде. Бирок «эл эмне дейт» деген ой алардан кете электигин айтат.

«Азыр 4-5 досум бар, беймарал жолугуп, көрүшүп турабыз. Бирок башкалар менен жолукканда баары бир “эл билип калбадыбы”, “айырмаланып калбадымбы” деп коркосуң. “Эл эмне дейт” деген ой менен азчылык дагы жашап калган, ичибизде болуп аткан нерселерди чыгарбай, көпчүлүк коомго “ылайыктуу” болгону аракет кылып калдык. Эркин жашоо — биз үчүн кыял бойдон», — дейт Самат.

Ошондой эле Самат «ЛГБТ-адамдары — бир гана жаштар» деген пикир жаңылыш экенин белгиледи. Анын айтымында, чөйрөсүндө улуу муундагы азчылык коомдун өкүлдөрү да бар.


«Мурда “эмнеге башкалар каалагандай эркин жашашат, кыйынчылыктары жок, эмнеге мен ошолорго окшош эмесмин, ким күнөөлүү” деп ойлойт болчум. Бирок азыр карасам, ички дүйнөбүз эмнени каалап аткан болсо, ошол дүйнө менен жашап өтүш керек да. Ички дүйнөм ушундай экенине азыр такыр өкүнбөйм», — дейт ал.


Мындан сырткары Саматты чек ара маселеси да түйшөлтпөй койбойт — кыргыз-тажик чек арасы жабылган соң анын коңшу өлкөдөгү тааныштары менен байланышы үзүлгөн. Финансылык жактан да кыйынчылык туулган.

Бирок Самат буга жана укук бузууларга кабылганына карабай, өзү жашаган аймактан чет өлкөгө көчүп кеткиси келбейт. Анткени анын өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсом деген пландары бар.

«Көчүп кетким келбейт, көнүп деле калдым. Мүмкүнчүлүк бар болсо, иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкум келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Материал Unit журналисттер жана активисттер коомунун колдоосу менен даярдалды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда аялдарды, майыптарды, ЛГБТИни басмырлоо кадимки көрүнүш — Amnesty International’дын баяндамасы