Өлкөдө пенсия курагы жогорулатылбайт. Бул тууралуу басма сөз жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Алиевдин айтымында, пенсиялык реформа аягына чыгып, жол картасы иштелип чыкты.
«Пенсия курагы мурдагы бойдон калат. Жол картада өнүгүү стратегиясы каралып, пенсия дайындоо үчүн документтерди топтоо жеңилдетилген. Биз 2023-жылдан тартып пенсия курагына жеткен адам документ чогултуп убара тартпай эле паспорту менен келип, пенсия чегертип алгандай болушун каалап жатабыз», — деди ал.
2022-жылдын 11-апрелинде парламентте өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоо маселеси талкууланып жатканда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аялдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну сунуштаган.
Жуматаева пенсионерлердин дээрлик 70%ын аялдар түзөрүн, ошондой эле аялдар орточо алып караганда эркектерге караганда узак жашарын айткан. Ал Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштап жатканын билдирген.
Пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айткан. Ал пенсиялык куракты жашоонун узактыгы менен деңгээли жыл сайын өсүп жаткандыктан көбөйтүү сунушталып жатат деп түшүндүргөн.
«Мурункудай, 30-40 жыл мурун Нарын шаары же Ат-Башы өрөөнү менен Бишкек шаарынын аралыгы 8-10 сааттык жол эмес. Азыр сапаттуу жолдор менен таксистер 2-3 сатта жетип жатат. Баалар керек болсо Бишкектин базарларына караганда арзан. Ошону менен катар климат да мурункудан өзгөрдү», — деп билдирди ал.
Орусиянын пенсиялык реформасы
Пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу калктын кирешесинин азайышына алып келет. Пенсияга чыгып жаткан адамдар иштесе дагы кошумча киреше алып турушат. Пенсия курагы жогорулаганда киреше жоголот. Калктын кирешесинин төмөндөшү өлкө экономикасына да терс таасир этет.
Орусия — жакында эле пенсиялык реформа жүргүзгөн эң жакын өлкөлөрдүн бири. 2018-жылы президент Владимир Путин пенсия курагын (2028-жылга чейин) аялдар үчүн 55 жаштан 60 жашка чейин жана эркектер үчүн 60 жаштан 65 жашка чейин акырындык менен көтөрүүнү шарттаган мыйзамга кол койгон.
Реформанын зарылдыгын орус бийлиги өлкөдө төрөлүмдүүлүк азайып, өмүрдүн орточо узактыгы өскөнү менен түшүндүргөн. Орусиянын ошол убактагы премьер-министри Дмитрий Медведев өлкөдө эмгекке жарамдуу калктын үлүшү азайып жатканын, бул «мамлекеттин социалдык милдеттерди аткара албай калышына алып келиши мүмкүн» деп белгилеген.
Пенсиялык реформа Орусияда массалык нааразылыктардын чыгышына алып келген — нааразылык өлкөнүн 80ге чукул шаарын камтыган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен реформаны бир аз жумшартуу талабын аткартышкан — алгач аялдардын пенсиялык курагын 8 жылга жогорулатууну каалашкан эле.
Пенсиялык реформа калктын орус бийлигине жана жеке президент Владимир Путинге болгон ишенимине таасир эткен. Реформа тууралуу буйрукка кол коюлгандан жарым жыл өткөн соң Медведев баштаган өкмөт отставкага кеткен.
Тема боюнча: 50 жаштан кийин жумуш табуу кыйын, кол жууп калуу оңой. (Ал эми пенсияга жан багууга мүмкүн эмес)Пенсия курагын жогорулатуу жана иштеген аскерлердин пенсиясын бербей туруу. Соцфонддун сунушу
Байсалов: Пенсиялык реформа үчүн саясий эрк жана жарандардын колдоосу бар