Улуттук банктын Башкармалыгы 22-июлда чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу 25-июлда өлкөнүн башкы банкынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал жактан бул чечим өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана «дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко таасирине байланыштуу алгылыксыз жагдайларды жана тобокелдиктерди кыскартуу» максатында кабыл алганын белгилешти.
Эми коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө алышат. Бул накталай, ошондой эле накталай эмес чет өлкө валюталарына тиешелүү.
Мындан тышкары, эми коммерциялык банктар жума сайын Улуттук банкка отчёт, анын ичинде акча алмаштыруучу жайлар менен чет элдик валютадагы соода-сатыгы тууралуу тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү.
Ушундай эле чектөө акча алмаштыруучу жайларга да киргизилди. Эми алар бир күн ичинде банктар менен акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана соода кыла алышат. Ошондой эле акча алмаштыруучу жайлар күндүн соңунда же башталышында жүгүртүүдөгү каражаттын көлөмүн тастыктоочу маалыматты банктарга берип турушу керек жана ага көзөмөл-кассалык аппараттын (ККМ) дүмүрчөгү тиркелиши керек.
Башкы банк эгер жаңы токтомдун талаптары бузулса коммерциялык банктарга жана алмашуу бюролоруна карата «таасир этүү» чаралары көрүлөрүн айтты. Аталган чараларга лицензияны кайтарып алуу жана тиешелүү кызмат адамдарына карата санкция салуу кирет.
Банктардын рекорддук кирешеси
Буга чейин бир катар ЖМК Улуттук банктын жана эксперттердин отчётуна таянып, жыл башынан бери коммерциялык банктардын кирешеси рекорддук көрсөткүчкө чейин өскөнүн жазган.
Мисалга, Economist.kg финансылык басылмасы 2022-жылдын І жарым жылдыгында кыргыз банктары чет элдик валюталарда операция жүргүзүүдөн рекорддук 10 млрд 589 млн сом таза кире тапканын билдирген. Басылманын эсебине ылайык, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7,2 эсе көп «валюталык киреше».
Ал эми финансист Арслан Кененбаев Tazabek басылмасына курган маегинде үстүбүздөгү жылдын май айында банк секторунун таза кирешеси 350%га өскөнүн айткан.
Башкы банк банктар мыйзам бузбаганын, аларда киреше менен кошо чыгашалары да өскөнүн билдирген.
«2022-жылдын 1-июнуна карата коммерциялык банктардын пайыздык эмес кирешелери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 335% өскөнү менен банктардын пайыздык эмес чыгашалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 374% өскөнүн белгилей кетүү керек», — деп Улуттук банктан «Азаттыкка» жооп беришкен.
Долларды чыгарып кетүү
Буга чейин Улуттук банк Кыргызстанда накталай АКШ доллары тартыш экенин, мындан улам калктын чет элдик валютага талабын толук канаттандырууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.
Улуттук банк чет элдик валютанын жетишсиздигин — чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүргөн. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы банкы доллардын кескин тартыштыгы жок деп ишендирген.
Ошондой эле Улуттук банктан Кыргызстанга долларды алып келген каналдардын иши бузулганын айтууда. Буга чейин атамекендик банктар накталай долларды Казакстан жана Орусиядан сатып алышчу, бирок азыр валютаны жеткирген бул каналдар ишин токтотуп, банктар жаңы жолдорун караштырып жатат.
Июлдун башында бир катар банк чет элдик валютаны накталай алууга 5%дык комиссия киргизген. Муну Улуттук банк төмөнкүдөй түшүндүргөн: банктар бул аракети менен валютаны накталай алып келүүдө кетирген чыгымдарын жабуу үчүн киргизип жатат.
Буга чейин Кыргызстанда чет элдик валютаны өлкөдөн чыгарууга тыюу салынышы мүмкүн экени кабарланган. Азыркы тапта тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууда, ал юридикалык, ошондой эле жеке жактарга тиешелүү болот. Акыркы чечимди минкаб кабыл алышы керек.
Тема боюнча: Валюта тартыштыгы. Бишкекте накталай доллар жана еврону кайдан сатып алса болот?