«Ар бир аял маанилүү». Оштогу кризистик борборлордун өкүлдөрү президентке кайрылышты

Зейнеп Эшмуратова, Жамиля Капарова, Дарика Асилбекова, Мухайе Абдураупова, Мадина Салайдинова, Наргиза Ештаева.  Сүрөт:  Айжамал Түгөлбай кызы/Kloop

27-июль күнү Оштогу алты кризистик борбордун жетекчилери маалымат жыйын уюштурушту. Анда алар аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук көп катталып жатканына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун суранып, кайрылуу жасашты.

«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, никеге туруу үчүн урдоо боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90% кыскартылганын билдирди.

«Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук барган сайын ырайымсыздык менен коштолгон формага өтүүдө. Мамлекеттин аялдарды басмырлоого кабылтпоо, акыйкаттуу сот адилеттигинин жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу милдети биздин өлкөнүн Конституциясында бекитилген. Бирок, реалдуулук буга карама-каршылыктуу», — деди адис.

Мындан сырткары «Энсан-Диамонд» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Капарова аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун көбөйүшү мамлекеттик органдардын көңүлкош мамилеси менен байланыштуу экенин айтты.

«Бизде зордук-зомбулукка кабылган адамдар эмне үчүн тиешелүү жактарга кайрылбайт? Анткени, аялдар мамлекеттик органдарга ишенбейт. Өзгөчө милиция кызматкерлерине ишенишпейт. Даттанып барган күндө да милиция кызматкерлери эркек болгондуктан арыздарды кабыл алышпайт. “Сен бара бер, бул үй-бүлөлүк маселе” деп коюшат экен», — дейт Капарова.

Ошондой эле маалымат жыйынга чогулгандар укук коргоо органдарынын ишине нааразы экенин белгилешти. Мындан улам кризистик борборлордун жетекчилери президент Садыр Жапаров менен аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуу өткөрүүнү суранышты.

«Биз, жарандык активисттер жана кризистик борборлордун жетекчилери, зордук-зомбулукту алдын-алуу үчүн өлкө башчысына жолугуп, талкууга даяр экенибизди билдирип жатабыз. Президент биздин иш-аракеттерибизди колдоп берсин. Укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматкерлер баарыбыз бирге иштейли», — деп чакырды Асилбекова.

«Жаш балдар мамлекеттин коргоосундабы?», «Ар бир аял маанилүү», «Биз сүйлөшүүгө даярбыз» деген плакаттарды көтөргөн маалымат жыйындын катышуучулары зордук-зомбулукту алдын алууда өлкө башчысы көңүл бөлүп, жарандык коомдун сунушун кабыл алышын талап кылышты.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыккан.

Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташкан.

Аялдарды өлтүрүүнүн учурларын дыкат изилдеп чыгып, 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгонун аныкташкан. Иш жүзүндө мындай учурлар кыйла көп, бирок журналисттер ар бир өлтүрүүнүн чоо-жайын таба алган жок.

«Клооптун» талдоосу фемициддин 75% киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү