Бишкекте кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Коштошуу иш-чарасы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

«Кыргыз коомчулугун өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон Вячеслав Шаповаловдун элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө калат», — деп белгилешти Маданият министрлигинен.

Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият кызматкерлери, аткаминерлер, ошондой эле маркумдун жакындары жана санаалаштары катышты.

Акын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Шаповалов 24-июль күнү, 74 жашында дүйнө салган. Бул тууралуу кесиптештери кабар беришкен.

Вячеслав Шаповалом орус акыны, Кыргыз Республикасынын эл акыны, түрк жана европа поэзиясын которгон, филология илимдеринин доктору, профессор катары белгилүү. Кыргыз улуттук университетинин илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору жана 2012-жылдагы «Орусия сыйлыгынын» лауреаты.

Вячеслав Шаповалов «Манас» эпосунун, Махмуд аль-Кашкари энциклопекдиясынан байыркы түрк поэзиясынын эпизоддорун, кыргыз акындардын лирикасын, XX кылымдын классиктеринин эмгектерин которгон.