Борбор азиялык бештиктин Чолпон-Атадагы саммити алгылыктуу болгон өңдөнөт: президенттер чек араларды делимитациялоо тууралуу сөз кылып, «Камбар-Ата 1» ГЭСине каражат салууга, Кытайдан бери карай темир жол курууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө даяр экенин бышыкташты. Бирок чөлкөмдө өзгөрүп жаткан көп деле эч нерсе жок деп эсептейт Carnegie Endowment for International Peace илимий коомунун мүчөсү, Борбор Азия жана Кытай боюнча эксперт Темир Умаров. Ал «Клоопко» курган маегинде Өзбекстандын элитасы өлкөсүнүн экономикасын эмне себептен ачкысы келбегенин, ал эми Кыргызстандагы таасирдүү топторго чындап келсе Кытайдан чыккан темир жолдун кереги жок экенин түшүндүрүп берди.
— Президент Токаевдин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоого көмөктөшүү сунушу, Казакстандын жана Өзбекстандын «Камабар-Ата 1» боюнча өз ара келишими, президент Мирзиёевдин өнөр жай жана транспорттук кооперацияга чакырыгы… Бул ЕАЭБ жана ЖККУГа окшош, бир гана борбор азиялык уюмду түзүү аракети болушу мүмкүнбү?
— Азырынча андай болушу мүмкүн деген кыйытманы дагы көргөн жокмун. Биринчиден, чөлкөмдөгү мамлекеттердин бирдиктүү максаты жок. Эгер ЕАЭБ тууралуу айтсак, ал жерде түшүнүктүү — интеграция, жалпы рынок, бирдиктүү бажы аймагы. ЖККУ — бул жамааттык коопсуздук боюнча уюм. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү биригип алып эмнени көздөшү мүмкүн? Менимче, азыр бар бир саясий режимдин максаты ар башка.
Жада калса Казакстан менен Өзбекстан экөө түртүүгө аракет кылган [беш өлкөнүн ортосундагы достук тууралуу] келишим өтпөй калды, бирок ал эч нерсеге милдеттендирбейт, ал жерде кимдир бирөөнүн эгемендигине коркунуч туудурган же мамлекеттерди интеграцияны көздөй жылууга мажбур кылган пункттар жок болчу. Мына ушундай символикалуу ишарат дагы азырынча Тажикстан менен Түркмөнстанга ашыкча болуп тургандай көрүнүүдө.
Мына ошондуктан, кандайдыр бир чоң секирик тууралуу сөз кылууга эрте. Бирок ушул сыяктуу жолугушуулар жыл сайын өтө баштыды, бул дагы жакшы. Ал жерде бир гана президенттер жолукпайт да — уюштуруунун артында чоң командалар турат. Адамдар бири-бири менен жеке таанышат, мессенжерлерде бири-биринин контакттарын алышат, андан кийин кандайдыр бир шашылыш маселелер боюнча байланыша алышат. Бул чечим кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүп, аны мындан да тереңдетет.
— Кыязы, Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиядагы модернизацияланган өзөк катары түзүлүп жаткандай. Каримов менен Назарбаевдин тушунда алар дымагы менен атаандашып турчу, эми жалпы кызыкчылык үчүн аз да болсо амбицияларынан артка чегинүүгө даяр болуп тургандай.
— Өзбек-казак тандеми жаралып жатканы ырас, бул табигый процесс, анткени алардын көздөгөнү бир. Эки саясий режим тең жыргаганынан реформатордук багыттагы өнүгүүгө өткөн жок да. Алар башка жолу жок экенин түшүнүп турат, себеби коом мурдагыга караганда талапчыл боло баштады, артка кайтууга жол бербейт. Эки мамлекет тең Орусиядан азыраак көз каранды болуш үчүн инвестиция тартып, экономикаларын мүмкүн болушунча диверсификациялоону каалап жатат.
— Казакстан жана Өзбекстандын Достук келишимине Кыргызстан кошулду. Айрыкча Бишкектеги саясатчылардын Өзбекстандын келечегине берип жаткан баалары кызык. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров саммит өтөрүнө аз калганда кыргыз журналисттерине кайрылып жатып, Өзбекстан 10-15-жылда Кытайды кууп жетет деген оюн айткан.
— Менимче, бул Жапаров мырзанын жеке пикири. Негизи эле кыргыз саясатчылары жаңылык жараткан чуулгандуу нерселерди айтып койгонду жакшы көрүшөт, бирок билдирүүлөрүнүн артында реалдуу эч нерсе турбайт. Албетте, Өзбекстандын потенциалы чоң. Бирок өзбек экономикасы кайсы бир бийиктикке умтулат, ал эми казактыкы, мисалы, андай эмес деп айтууга эрте. Казакстандын ИДПсы дээрлик үч эсе жогору экени жетиштүү.
Мындан тышкары, казак экономикасы чет элдик инвесторлор менен тыгыз байланышта жана глобалдык деп атоого болот, ал эми өзбек экономикасы дагы деле абдан жабык. Анда болгону — өнөр жай кубаттуулуктары бар, байпактан баштап смартфондорго чейин чыгарган атамекендик өндүрүүчүлөрү көп — жабык протекционисттик чөйрөдө иштейт. Экономикасы дагы да дүйнөгө ачылса, атамекендик өндүрүүчүлөрү эл аралык өндүрүүчүлөр менен атаандаша албай калат.
Ооба, азыр өзбек жарандары жыргаганынан iPhone эмес, Artel, Mercedes эмес, Chevrolet сатып алып жаткан жок да. Эми адамдардын башка аргасы жок, ошондуктан өздөрүнүн монополисттерине барып жатат. Анан калса, бул экономикалык эмес, саясий маселе, себеби Өзбекстандагы ар бир чоң компаниянын артында бийликке тиешеси бар же өзү бийлик саналган белгилүү ишкер турат (мисалы, AKFA жана Artel империясы — бул Ташкенттин акими Жахонгир Артыкхожаев жана башка ушул сыяктуулар). Өзбек элитасынын жеке өзүнүн кызыкчылыктары бар, ал жерде экономиканы ачуу [кызыкчылыгы] жок.
— Ал эми мындай шартта Кыргызстан үчүн бир нерсе өзгөрүп жатабы? Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун айланасында кандайдыр бир жандануу башталганын көрүп жатабыз. Балким, бул жалпы эле «чыгыш-батыш» жолдорун өнүктүрүү жана бул долбоор анчейин жакпай калган Орусия аркылуу жүк ташуулар кыйындаганы менен байланыштуу болсо керек. Анан дагы «Камбар-Ата 1» эми Орусия эмес, Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешкен долбоор болуп калды да. Дегеле бул оркестрде Кыргызстандын орду кандай?
— Негизи эле, Борбор Азия үчүн мен бир нерсе түп-тамыры менен өзгөрүп кетти деп ойлобойм. Ооба, албетте, кандайдыр бир буга чейин болбогон окуялар: согуш, көп жерде ковид болду, Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш. Бирок, жаңылыктардагы баш темаларга көңүл бурбасак, объективдүү факторлор ошол эле бойдон калып жаткандай.
Азырынча Кыргызстанда эски экономикалык системадан жаңысына сапаттуу өтүү болуп жатканын көрбөй элемин. Ооба, [президент Садыр] Жапаровдун аны сындыруу боюнча кайсыл бир ойлору бар, бирок бул көбүнчө саясий маселелерге тиешелүү болууда. Азыр ал өлкөдөгү ресурстун баарын башкаруу үчүн, өзү керек деп санаган багыттарга буруу үчүн, бийликтин баарын өз колуна топтоого аракет кылгандан башкасын көргөн жокмун. Азырынча эч кандай жыйынтык деле жок, Кыргызстандын борбор азиялык бештиктеги орду өзгөргөн жок — бул кытай товарлары үчүн алмашылгыс транзиттик зона.
Ал эми жанагы жаңы долбоорлор боюнча, мен аларга шектенүү менен карайм. Менимче, Кыргызстандын өзүнүн саясий элитасы, бери дегенде, айрым таасирлүү топтор, Кытай — Кыргызстан— Өзбекстан темир жолунун пайда болушуна каршыдай сезилет. Анткени, эгер ал пайда болсо, аталган топтор кирешеден кол жууйт.
— Сиз Матраимовдордун ишин иликтөөдө ачыкталгандар тууралуу айтып жатасызбы?
— Менин айтайын дегеним, Кыргызстандын бажы кызматынын иштеши. Себеби ал Кытай менен Борбор Азиянын калган мамлекеттеринин ортосунда ыңгайлуу жайгашканынан көп эле пайда табат да. Эгер биз Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы экспорт-импорттун статистикасын карасак, төрт жылда 10 млрд доллар кайда кеткени түшүнүсүз экенин көрөбүз. Эгерде Кытайдан Өзбекстанга чыккан темир жол пайда болсо, ал жерде Кыргызстандын аймагы транзит үчүн колдонулат, жеткирүү пункту катары эмес, анан ошол эле Матраимов жана башка топтор негизги киреше булагынан ажырашат. Ошондуктан мен азыр алар үчүн статус-квону өзгөртүүгө кандайдыр бир себеп бар экенин көрбөй турам.
Баса, [Садыр] Жапаровдун көз карашы менен айтканда — ал курула эле темир жолдон бонустарды алгыдай бийликте жетишерлик көп убакыт отура аларына жүз пайыз көзү жетпесе керек. Эгерде ал аны азыр ишке киргизсе, анда ал аны ызы-чуу, бюджеттен далай акчаны коротуп же карызга батып ишке киргизген президент болуп калат. Бирок ал жол ишке кирип, адамдар акча текке кетпегенин түшүнгөн учурга чейин тактыда калууга жетише алабы?
— Бардык беш өлкөнүн президенттеринин ойлору бир жерден чыккан маселе — бул бийликтеринин туруктуулугуна байланыштуу кооптонуулар. Жапаров нааразылыктардын мотивин «шылтоолор» деп атады. Рахмон болсо Казакстандагы нааразылыктарды, соцтүйүндөрдү жана исламизмди бириктирип койду. Ал эми Токаев, сөздүн ачыгы, коңшуларына ЖМКдагы маалыматтарды биргелешип чыпкалоону сунуштады. Ошондо Борбор Азияда кандай гана модернизация болбосун ал демократиялык эмес, авторитардык болчудай. Мен туура эле түшүнүп жатамбы?
— Ооба, чындыгында бул менин негизги бүтүмүм. Баары эле, «реформа» деген сөздү укканда Өзбекстанды же Казакстанды батыштын үлгүсүндөгү либералдык демократиялуу өлкөгө айлантат деп ойлошот. Бирок бул жерде башка ой айтылат да. Убакыттын өтүшү менен ошол саясий режимдер адам жегичтиктен бир аз алыстап, заманбап боло башташат, ошол эле маселелерди чечүү үчүн жумшагырак ыкмаларды колдонууга өтүшөт.
Бирок бийлик институттарга берилип кетет деген эч ким жок — анын баары азырынча жеке персоналдык автократиялар. Ал эми классикалык автократияларда бийликтин коомчулук менен байланышуу каналдары жок. Кыргызстан болсо, түшүктүктүү эле да, башка кеп, бирок аны да демократия деп атоо кыйын. Анткен менен азыр Борбор Азиянын бардык жагында бийликтин транзити болуп жатат же болуп өттү. Тажикстан гана калды, бирок ал дагы андан качып кутула албайт. Кайра жаралып жаткан режимдер өздөрүнө чейинкилердей болуп кала алышпасын түшүнүп турат. Анткени азыр заман башка: баарында интернет бар, баары айкын, адамдар тез эле чогула коюп, мурда-кийин болуп көрбөгөндөй нааразылыктарга чыгып жатышат. Каракалпакстанда болгон окуяларды 2005-жыл менен [анда Андижанда нааразылыктар болуп, бийлик күч менен баскан] салыштырсак болот. Түркмөнстанда, жабык өлкө экенине карабастан, мамлекеттик баада азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жанындагы «ачкачылыктан чыккан көтөрүлүш». Казакстан менен Кыргызстан — ал жакта деле түшүнүктүү да.
Режимдер баары бир кемеде экенин түшүнүп жатышат да: бирөө эле кылт дей турган болсо кийинкисинин туруктуулугуна доо кетет. Ошондуктан алар өздөрүнүн бекемдигинин жана туруктуулугунун булагын издеп жатышат. Алардын бири — бул маалыматтын, ЖМКнын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү.
Мына азыр нарративди* көзөмөлдөш үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн телеканалын түзүү керек дей башташты. Азыр аны же Борбор Азияда белгилүү орусиялык ЖМК же болбосо бийликке да баш ийбеген соцтүйүндөр көзөмөлдөп жаткандай туюлат. Ал эми [элиталар] ошол эле Орусия же Кытайдагыдай бир нерсени каалап жатат. Ал жактарда авторитардык режимдер жетишерлик туруктуу да.
Орусияны карагыла: эми дагы кайда дегиң келет? Бирок биз азырынча бир да төңкөрүштү, бир да нааразылыкты, жада калса массалык — эч нерсени көрбөй эле турабыз. Борбор Азиядагы режимдерге ушундай жагат.
*нарратив — бул жерде: көрүүчүдө болуп жаткан окуянын баяндоочуга ыңгайлуу бүтүн картинасын калыптандыруу