Коңшу өлкөлөрдөгү толкундоолор. Жапаров мамлекет башчыларынын аракетин колдорун айтты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринин тартипти жана туруктуулукту орнотуу боюнча аракеттерин толук түрдө колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарындагы IV консультативдик жолугушууда билдирди.

Сөз жакында эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда болгон толкундоолор тууралуу болуп жатат.

«Региондо болуп өткөн кайгылуу окуялар деструктивдүү күчтөрдөн, анын ичинде диний фанаттарды жана кылмышкерлерди өз тарабына тарткан тышкы күчтөрдөн коопсуздукту камсыздоо маселелерин алдыңкы планга чыгарды. Өз кезегинде Кыргызстан коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү жана коомдук-саясий туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү жана олуттуу аракеттерин толугу менен колдойт», — деп билдирди президент.

Жапаров социалдык-экономикалык, улуттар аралык, диний жана башка шылтоолордон улам түзүлгөн коопсуздук кризистерине мындан ары жол бербөө керектигин белгиледи.

«Бул багытта өз ара аракеттерибизди бириктирүүгө чакырам. Жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылык региондогу мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин атмосферасына көз каранды», — деди Жапаров.