Июлдун аягында Кыргызстанга бардык Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери келип, IV Консультативдик жолугушуу өттү. Иш-чара Орусиянын Украина менен согушунун шартында өттү. Президенттердин расмий жолугушуулардында бул тууралуу бир да сөз айтылбаганы менен, коңшулардын ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү боюнча сунуштар эриксизден согуш жана Орусия менен кызматташтыкты кыскартуу мүмкүндүгү тууралуу ойлорго түртөт экен.
Негизинен, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын шартында аталган саммит Борбор Азия мамлекеттеринин өз алдынча союз түзүүгө карай алгачкы кадамы катары катары кабылданды. Бирок коюлган документтер пакети түрүндөгү орчундуу жыйынтыктарды эч ким көргөн жок — ал тургай Достук жана ынак коңшулук жөнүндө декларативдик келишимге Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери кол койгон жок. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы эки өлкөнүн мамлекет башчылары «өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин» документке кол коет деп отчёт берди.
«Клооп» саясат талдоочулар менен маек куруп, Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешип кызматташтыкты чыңдоо тууралуу убадаларына кандай баа бере турганын сурады.
«Кызыкчылыктар дал келген жерлер көп»
Саясат талдоочу Эмил Жороев бейформал мүнөздөгү «расмий эмес» деп жолугушуудан олуттуу эч нерсе күтүүнүн кажети жок болчу деп эсептейт. Анткен менен Жороев чөлкөмдөгү үч мамлекеттин президенти кол койгон Достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимден улам саммиттин мааниси чоң болгонун кошумчалады. Саясат талдоочунун пикиринде, документ маанилүү болгондуктан Тажикстан менен Түркмөнстан азырынча кол койбой турууну чечти.
«Борбор Азиядагы окуяларга күн мурун баа берүүгө эрте. Кызматташтыктын терең форматы дал ушундай документтерге кол коюудан башталат. Ал эми эки мамлекеттин [документке] кол койбогону көбүнесе алар буга чоң маани беришкенин, азырынча даяр эмес экенин сезгенин айтып турат. Менимче бул көбүнесе позитивдүү жагдай», — деди ал.
Жороевдин оюнча, бул жерде кол коюлган документтер эмес, көбүнчө президенттердин билдирүүлөрү кызыгууну жаратат.
«Менимче [саммитте] кызыкчылыктар дал келген жерлер көп эле болду. Бул жанагы коопсуздукка байланышкан чакырыктар, экономикалык кризис жана дээрлик баарынын биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке киргизүү тууралуу сөздөрү», — деди саясат талдоочу.
Тема боюнча окуңуз: IV Консультативдик жыйын. Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусунда кайсы маселелер талкууланды?
Призиденттердин ичинен бирөө дагы Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу ачык айтпаганы менен, мамлекет башчыларынын ар бир сөзүндө согушка карата реакция байкалып жатты деп эсептейт Жороев.
«Аттарын атабаганы менен, бул саммитте согуштан улам чыккан кырдаалга карата реакция президенттердин кызматташтыкты, байланышты күчөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айткандарында байкалып турду. Мисалы, кызматташуунун башка платформаларына карата аймактык деңгээлде өз аракеттерин кантип координациялай тургандыгы тууралуу документке бешөө тең кол коюшту. Бул кыйла эле маанилүү белги да», — деп белгиледи Жороев.
«Буйтоого айдың табуу аракети»
Саясат талдоочу Медет Түлегенов башынча эле самиттен эч кандай чоң күтүүлөр болбогонун айтат. Анын пикиринде, Түркмөнстан менен Тажикстандын Достук тууралуу келишимине кол койбоого жеке себептери бар болчу.
Түркмөнстан, саясат талдоочунун айтымында, көптөн бери эле бейтарап саясатты карманып келет жана «эч ким менен согушкусу да, дос болгусу да келбейт».
«Тажикстандын дагы өзүнүн көйгөйлөрү бар, биринчи кезекте Кыргызстан менен. [Өлкөдө] ички процесстер да бар, балким алар да [документке] кол койгонго тоскоолдук жараткандыр», — деп түшүндүрдү Түлегенов.
Эксперт президенттердин Орусиянын Украина менен согушуна тынчсызданып жатканы «үндөрүнөн» байкалганын белгиледи. Ошол эле учурда, Түлегенов болуп өткөн саммитти чөлкөмдөгү мамлекеттердин Орусиянын таасиринен арылууга аракети деп кабыл албоо керек деп эсептейт. Ал президенттер саммитте «Орусиянын ролу алсыраганын эске алганда, өз мамлекеттеринин кызыкчылыктары» тууралуу бейформал сүйлөшүп алууга аракет кылышты деп ойлойт.
Орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин Орусияга карата бир катар олуттуу санкциялар киргизилген. Бул Орусияны салынган санкциялардын саны боюнча дүйнөлүк лидер кылып койду. Санкциялар Орусиянын соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да кедергисин тийгизип жатат.
«[БА өлкөлөрүнүн президенттери] Орусияга каршы ойнобойт, бирок Орусиянын ролу өзгөргөнүн эске алганда, буйтоо үчүн көз карандысыз айдың табууга [аракет кылышууда]. Орусиядан башка дагы ким менен оокат кылса болот [...] Бирок ошол эле кезде [БА өлкөлөрү] Орусияны катуу таарынтып албоого аракет кылышууда», — деп белгиледи ал.
Түлегенов чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусия менен ажырашууга жана Борбор Азия мамлекеттери кандайдыр бир өздөрүнүн союзун түзүүгө аракет кылып жатат деп айтууга али эртелик кыларын белгиледи. Ал саммитте ошого карата бир кадам коюлуп, Достук келишине кол коюлса деле, бул «болгону миң кадамдын бири» экенин белгилейт.
«Союз боюнча интеграция процесси катары гана сөз кылса болот. Азыр чөлкөмдө болуп атканды интеграция деп атаган анчейин туура болбой калат. [Бул көбүнесе] ар башка форматта кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле орусиялык долбоорлордун тагдыры (ЕАЭБ — ред.)эмне болорун дагы түшүнүү керек. Себеби бир союзду экинчисине катмарлоо анчейин жакшы болуп бербейт», — деди ал.
Түлегенов аймактагы өлкөлөрдүн өз ара карама-каршылыктары да көп экенин айтат. Мисалга, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси жана кыргыз-казак чек арасындагы тыгындар.
Саясат талдоочу интеграция үчүн Борбор Азия өлкөлөрү түрдүү тармактарда кызматташтыгын тереңдетип, кол коюлган келишимдерди жүзөгө ашырышы керектигин баса белгиледи.
«Көп нерсе Орусия жана Кытайдын катышуусу менен гана мүмкүн»
Саясат талдоочу Александр Караваев президенттердин билдирүүсүн, айрыкча Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин айткандарын, Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн ЕАЭБдин аналогун түптөөгө далалат катары кабылдоонун кажети жок деп эсептейт. Ал учурда Борбор Азия өлкөлөрү «мурдагы жылдары “илгерилебей калган” мамилердин регионалдык зарыл форматын өнүктүрүү» жөнүндө айта башташты дейт.
«Эми, азыр деле перспективалар анчейин так эмес, бирок бул масштабдагы темалардын үймөгү эгемендүүлүк алгандан бери илинип турган “үй тапшырмасын аткарууну” талап кылат. Мисалы, 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын — Сырдарыя дайрасынын суу-энергетикалык ресуртарын колдонуу тууралуу келишим, анда суу жана энергетикалык ресурстарды теңме-тең алмашуу каралган. Муну алар үчүн эч ким, Москва да, Пекин да чечип бербейт. Ушул эле нерсе авто жана темир жол магистраль түйүндөрүн өнүктүрүүгө да тиешелүү. Чөлкөм бул маселеде чындап эле артта калып жатат, инфраструктура дагы акыркы эки жылдагы соода темпинен артта калууда», — дейт саясат талдоочу.
Караваев мамлекет башчылары саммитте сүйлөгөн сөзүндө чөлкөмдөгү мамлекеттердин негизги соода өнөктөштөрү Орусия жана Кытай тууралуу атайылап кеп козгобой, өздөрүнүн айланасындагы маселелерге басым жасашты деп эсептейт.
«Негизи, мына ушул “аймактык” күн тартибинин баары ЕАЭБ менен ШКУнун интеграциясынын орбитасында айланып жүрөт. Башка варианттар болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Сердар Бердымухамедов, Садыр Жапаров сыяктуу “жаңы муундун” лидерлери жана Рахмон менен Мирзиёев баш болгон улуу муун Москвага далын салып кетүүнү көздөбөйт. Көбүнесе алар Орусия менен Батыштын жаңжалынын шартында , ал жерден жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаткан болушу ыктымал», — дейт Караваев.
Саясат талдоочунун пикиринде, саммитте көптөгөн демилгелер айтылганы менен, анын баары ишке ашырылат деген ишеним жок.
«Биринчиден, мындай ээлигүү (БА өлкөлөрүнүн — ред.) 1990-жылдары болгон, анда чөлкөм абдан катуу динамикада турган. Анда ресурстар менен саясий ийкемдүүлүк жетпей калган. Каримов менен Ниязовдой болуп (Өзбекстан менен Түркмөнстандын биринчи президенттери — ред.) “бекинип” алган дурус эле. Эми болсо жаңы демилгелердин кезектеги айлампасы келди. Албетте, мисалы, чек арага чектеш аймактарда эркин экономикалык чөлкөмдөрдү түзүү сыяктуу бир нерселер ишке ашырылат, бирок көбү Орусия жана Кытайдын катышуусу менен гана мүмкүн», — деп эсептейт Караваев.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги бешинчи жолугушуусу эми 2023-жылы, Тажикстанда өтөт.
Материалды авторлошу Виктор Мухин.