Минкаб жаңы стадиондун курулушуна 20 гектар жер бөлдү

Жаңы стадион курула турган жер белгилүү болду. Ал Бишкектен алыс эмес Орок айыл аймагында жайгашат. Бул тууралуу 29-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Стадион жалпы 20,78 га аянтты ээлейт. Аны куруу үчүн аталган жер тилкеси айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана энергетика жерлеринин категориясына которулду.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Тийиштүү документтерди даярдоо тапшырмасы Сокулук районунун администрациясына берилди.

Буга чейин футбол ышкыбоздору Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешинде президент Садыр Жапаровдон жаңы стадион курууну талап кылышкан. Анда мамлекет башчысы бир катар аткаминерлер менен кошо оюнду көргөнү барган болчу.

Оюн бүткөндөн кийин президенттин администрациясы үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте заманбап жаңы стадиондун курулушу баштала турганын билдирген. Жаңы стадион эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена боло турганы да белгиленген.

Маданият жана спорт министри Азамат Жаманкулов 25-июлдагы басма сөз жыйында жаңы стадион качан курулуп баштары азырынча белгисиз экенин айткан болчу.

«Жакында президент Садыр Жапаров стадиондун башталышына капсула салат деп турабыз», — деген ал.

Анда стадион 22,5 же 23 миң күйөрман бата турган кылып курулары маалымдалган.

Материалдын автору Жаркынай Жээналиева.