Жаманкулов: Жаңы стадионду Орок айлынын жанында куруу планы бар, бирок качан экени белгисиз

Маданият жана спорт министри Азамат Жаманкулов 25-июлдагы басма сөз жыйында жаңы стадион качан курулуп баштары азырынча белгисиз экенин айтты.

Анын айтымында, учурда долбоору иштелип чыгып, куруучу тандалган. Бирок так маалымат берген жок.

«Стадионду Орок (Чүй облусу — ред. ) айлынын жанында куруу пландалып жатат. Болжолдуу 23 миңден ашуун ышкыбозду баткыра алат. Жакында президент Садыр Жапаров стадиондун башталышына капсула салат деп турабыз», — деп келтирди министрдин айткандарын «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги.

Жаңы стадион куруу талабы

10-июнда президенттин администрациясы 2022-жылдын августунда ири эл аралык иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө боло турган «көп функционалдуу спорттук аренанын» курулушу башталарын жарыялаган.

Бул тууралуу Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курамаларынын 11-июндагы беттеши учурунда күйөрмандар президент Садыр Жапаровдон жаңы стадион керек деп ураан чакырышкандан кийин айтылган. Ал убакта өлкө башчысы башка саясатчылар жана чновниктер менен бирге VIP-зонада оюнду көрүп отурган.

Оюн учурунда көрүүчүлөр «жаңы стадион» деген сөздү кайталап кыйкырышкан.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «ураан» жага бербей, күйөрмандардан тынчтанууну талап кылышкан. Милициянын пикиринде, «стадиондо андайды талап кылганга болбойт».

Оюндан кийин кыргыз улуттук курамасынын жигердүү күйөрманы болгон түрк жараны Али Салих милицияга сурак бергени маалым болгон. Буга башка көрармандар менен бирге стадион куруу зарылдыгын айтканы себеп болгон