Ноокат: Эки киши унаада сабаган кыз табылып, милицияда сурак берип жатат

Унаанын ичинде эки киши ур-токмокко алып, суракка алган өспүрүм кыз Ош облусунун Ноокат районунан табылды. Учурда мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда милицияга сурак берип жатат. Бул тууралуу 29-июлда Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыздын апасы 14-июнь күнү кызы дайынсыз жоголгонун айтып арыз жазган. Кыз болсо 28-июлда табылган.

Буга чейин соцтармактарда унаада отурган кызды суракка алып, сабап жатканда тартылган видео тараган.

Анда эки киши кызды акча уурдоого шектеп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп суракка алышкан. Алар өспүрүмдүн жашаган жерин, жашын жана аты-жөнүн айтууга мажбурлашкан.

Кыз өзү «10 миң сом алып, аны таанышына которуп өзүнө кийим-кече алганын» айтып кечирим сураган.

Кийинчерээк кызды суракка алып видеого тарткан киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Окуя Ноокат районунда болгону аныкталган.

Ош ОИИБден унаанын арткы орундугунда кызды сабаган киши Талас облусунун тургуну экени аныкталып, издөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Унаанын ичинде өспүрүм кызды ур-токмокко алган киши кармалды