Ош: Унаанын ичинде өспүрүм кызды ур-токмокко алган киши кармалды

Унаанын ичинде өспүрүм кызды коркутуп, суракка алууга шектелген киши 28-июль күнү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, ал Ноокат районунун тургуну, буга чейин үч ирет соттолгон.

Аширбаев учурда анын шериги жана тасмадагы өспүрүм кыз да изделип жатканын белгиледи.

Буга чейин соцтармактарда бир видео тараган. Анда унаанын ичинде бир киши кызды суракка алып, экинчиси аны сабап жатканын көрүүгө болот.

Кишилер кызды акча уурдоого шектеп, аны коркутуп суракка алышкан. Алар секелектин жашаган жерин, жашын жана аты-жөнүн айтууга мажбурлашкан.

Ошондой эле кызды оозго алгыс сөздөр менен тилдешкен. Кыз өзү «10 миң сом алып, аны таанышына которуп өзүнө кийим-кече алганын» айтып кечирим сураган.

Облустук милициядан окуя кайсыл жерде болгону белгисиз экенин кошумчалашты. Окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.