Сел: Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу жана Бишкек — Балыкчы темир жолу убактылуу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайындагы селдин кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу жана Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы убактылуу жабылганын билдирди.

Маалыматына ылайык, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында сел жүрүп, кыян унаа жолду жаап калган.

Жерине ӨКМдин нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери барып, тазалоо иштерин баштады.

Ошондой эле, кыян Бишкек — Балыкчы темир жол каттамын да каптаган. Учурда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан жумушчулар тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын белгилешти.

29-июль күнү кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында сел жүрүп, үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларын жана көпүрөлөрдү кыян каптаган.

Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин Каракол шаардык жана Түп райондук бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел каптоолор өзгөчө кырдаалдардын ичинен эң көп материалдык чыгымдарга алып келгенин билдирген.

Ажикеев селден улам 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаганын айткан.

Тема боюнча:

Ысык-Көл облусунун бир нече айылында үйлөрдү сел каптады