Ысык-Көл облусунун бир нече айылында үйлөрдү сел каптады

Ысык-Көл облусу. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ысык-Көлдө катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларын жана көпүрөлөрдү кыян каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, табият кырсыгы 29-июлда 21:30 чамасында Каракол капчыгайынын эки тилкесинде болгон. Кыян эки көпүрөнү жаап калган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ушул эле күнү Түп районунун Балбай жана Күрмөнтү айылдарында дагы сел жүрүп, турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду жана эгин талааларын суу каптаган.

Селдин кесепетин жоюуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каракол шаардык жана Түп райондук бөлүмүнүн 18 куткаруучусу жана атайын техникалар тартылды. Учурда кырсыктын чыгымдары эсептелүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев сел каптоолор өзгөчө кырдаалдардын ичинен эң көп материалдык чыгымдарга алып келгенин билдирген.

«Экономикага эң көп зыян келтирген сел кырсыктары болду. Селдин кесепетинен жалпысынан 22 өзгөчө кырдаал катталды. Анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган», — деген ал.

Тема боюнча:

Нарын шаарында 58 турак жайды жана чарбалык курулуштарды сел каптады

Таласта беш турак үйдүн короосун сел каптады