Президент өлкөнүн Жапониядагы жана Түркмөнстандагы элчисин кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Кыргызстандын эки элчиси кызматтан бошотулду.

Президенттин биринчи жарлыгына ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Жапониядагы, Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги атайын жана айгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Дагы бир жарлыкка ылайык, Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан кетти.

Арстанбаев Кыргызстандын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылы мартта, ал эми Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын июль айында дайындалган.

Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматына 2021-жылдын май айында келген.