Улуттук банк 29 акча алмаштыруучу жайды лицензиясынан ажыратты

Улуттук банк 89 акча алмаштыруучу жайды текшерип, 29ун лицензиясынан ажыратты. Дагы 22 акча алмаштыруучу жайга жазма буйрук берилип, алтооно эскертүү жөнөтүлдү.

Банктын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында дагы үч акча алмашуучу жайдын лицензиясы кайтарылып алынды. Ал эми 17 акча алмаштыруу бюросуна жана 14 жеке жактарга жалпы 1 миллион 180 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

«Лицензиясыз чет өлкөнүн валютасын алмаштырган жана банктык операция жүргүзгөн жеке жактарга 17 миң 500 сом, юридикалык жактарга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат», — деп белиглешти Улуттук банктан.

Буга чейин Улуттук банк, Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдан 2025-жылга чейин лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол коюшкан.

Ага ылайык, жыл башынан бери Улуттук банк коммерциялык банктарды 116 ирет текшерген. Натыйжада 51 жазма буйрук, 31 эскертүү, 13 сунуш-көрсөтмө жана төрт кат жөнөтүлгөн.

Согуштан улам жаралган валюта көйгөйү

Орус армиясы Украинага ири алкакта кол салгандан тартып Орусияга карата олуттуу экономикалык санкциялар салынган. Бул Орусияда накталай доллардын тартыштыгын пайда кылган.

Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген. Мындай чаралар Кыргызстанда рубль, теңге жана доллар менен акча которуулардын көбөйүшүнө алып келди деп айтышты Улуттук банктан.

«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.

Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.

Мындан тышкары, эми коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө алышат.