Ош шаарында билим алуудагы теңдикке арналган мурал пайда болду. Анын ачылышы 11-августта өтөт.

Мурал калаанын Анар кичи районундагы 13-үйдө жайгашкан.

Долбоордун максаты — искусствонун жардамында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чакыруу, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн баарына бирдей билим берүү маселелерине буруу.

Идея жаш сүрөтчүлөр Вера Андриановага жана Арслан Нарынбековго таандык. Долбоор Youth of Osh уюму тарабынан ишке ашырылып, Роза Люксембург Фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды.

Кыргызстанда кыздардын көпчүлүгү билим алууда жана кесип тандоодо стереотиптерге кабылышат: аларга тандап алган кесибиң «аялдарга туура келбейт» жана башкасын тандоо керек деген жүйөөлөрдү айтышат.

Адатта мындай сөздөрдү илимге, IT, архитектура, ал тургай режиссёрлукка барган кыздар көп угушат.

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Стереотиптерге каршы вакцина. Кыргызстанда кыздарга өз жолун табууга эмне тоскоол жаратат?