Боомдо сел учурунда жол кыймылын жөнгө салган инспектор энчилүү саат менен сыйланды

Боом капчыгайындагы селде ылай кечип жол кыймылын жөнгө салган Чүй облусунун патрулдук кызматынын инспектору Жалилидин Бейшенбаевге энчилүү саат тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын жетекчилиги милициянын прапорщиги Жалилдин Бейшенбаевге ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөр айтылып, ага энчилүү саат тапшырылды», — деп билдиришти мекемеден.

Бейшенбаев 5-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында жол кыймылын жөнгө салган. Ошол күнү кезектеги сел жүрүп, натыйжада жол эки тарабынан тең тосулгон болчу.

Инспектор тизесине чейин ылай кечип алып, жол кыймылын жөнгө салууну уланткан. Инспектордун видеосу буга чейин күбөлөр тарабынан соцтүйүндөргө жарыяланган.

Кыргызстандагы селдер

Сел — ири көлөмдөгү суу, ылай, таш жана тоо кыртышындагы топо аралашкан күчтүү суу агымы. Адатта сел катуу жаан-чачын учурунда же мөңгүлөр эриген учурда жүрөт.

Кыргызстанда жылына жүздөгөн үйдү сел каптайт, ондогон киши каза табат. ӨКМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы республикада мындай 17 өзгөчө кырдаал болуп, натыйжада 10 адам көз жумган.

2022-жылдын башында токтоосуз жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө абал режими киргизилген. Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында сел 606 турак үйдү жана 10 социалдык имаратты каптаган. Суу каптаган райондордон миңден ашык адам эвакуацияланган.

«Башта» редакциясынын журналисттери 2022-жылдын май айында селдин келип чыгуусунун негизги себептери, анын алдын алуунун жолдору тууралуу чыгарылыш жарыялашкан.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.

Тема боюнча окуңуз: Сузак районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Ал жакта 600 үйдү сел каптаган

Садыр Жапаров селден улам эвакуацияланган айылдардын тизмесин жарыялады