Садыр Жапаров селден улам эвакуацияланган айылдардын тизмесин жарыялады

Сел жана жер көчкүнүн кесепетинен Кыргызстандын бир катар аймактарында миңден ашык адам убактылуу эвакуацияланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук барагына жазды.

Өлкө башчысы жарыялаган убактылуу көчүрүлгөндөрдүн тизмеси:

  • Чоко-Дөбө айылы — 20 үй-бүлө (70 адам);
  • Комсомол айылы — 45 үй-бүлө (150 адам);
  • Миң-Өрүк айылы — 60 үй-бүлө (200 адам);
  • Төөлөс айылы — 3 үй-бүлө (15 адам);
  • Таштак айылы — 50 үй-бүлө (180 адам);
  • Жаңы-Айыл айылы — 30 үй-бүлө (130 адам);
  • Б.Осмонов айыл — 60 үй-бүлө (220 адам);
  • Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылы — 13 үй-бүлө (50 адам);
  • Төбөй айы — 10 үй-бүлө (63 адам);

Жапаров табигый кырсыкты жоюуга жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлиги толугу менен катышып жатканын белгиледи.

«Кудай буйруса, жакын арада бардык бузулган үйлөрдү калыбына келтиребиз», — деди өлкө башчысы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4-майдагы маалыматына ылайык, май айынын биринчи күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Талас облустарында сел жүрүп, жергиликтүүлөр ири материалдык зыянга учурады. Ички чарбалык жолдор жарактан чыгып, бодо мал агып кеткен учурлар катталды. Өлкө боюнча селден келтирилген жалпы чыгымдар такталып жатат.

ӨКМ сел, көчкү коркунучунан улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдады. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөрү дагы жамгыр жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу болорун эскертти.

Тема боюнча:

ӨКМ: Сузакта селден улам 35 үй-бүлө эвакуацияланды

Селден улам жабылган Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Алай: Селдин кесепетинен жабыркаган 68 адам ооруканага кайрылды