№61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты

Бишкекте УКМК тарабынан коррупцияга айыпталып кармалган №61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы 10-августта каралган. Тергөө органдары үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө өтүнүч келтиришип, аны сот канааттандырган.

Низовский 16-сентябрга чейин үй камагында болот.

Шектүүнүн жактоочусу Икрам Айткулов «Кактус» басылмасына Низовскийге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы тагылганын билдирди. Анын сөзүндө, «Коррупция» беренеси квалификацияланган.

«Низовскийдин салымы бөгөт чарасын өзгөртүүгө себеп болду. Анткени ал билим берүүнүн отличниги, “Даңк” медалынын жана бир катар сыйлыктардын ээси. Аны кармоонун зарылчылыгы жок болчу», — деп эсептейт ал.

Ошондой эле адвокат директордун кармалышын «белгисиз бирөөнүн буйрутмасы» деп атады. Ал эми тинтүү учурунда табылган акчалар анын эки уулунан экенин айтат.

«Мүлк боюнча — анын бир эле батири бар. Ал декларацияда көрсөтүлгөн», — дейт ал.

Директордун кармалышы

№61 физика-математикалык мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип 9-августта кармалган.

Атайын кызматтан Низовский балдарды 1-класска жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кабыл алуу үчүн «ата-энелерден мыйзамсыз акча алып турган» деп айтышкан.

УКМКнын маалыматы боюнча, анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк — жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер — бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 млн сомго жакын акчаны түзгөн.

Мындан сырткары анын жеке кабинетинде, үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлгөн. Анда чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, мүлктөрүнүн документтери табылган.

Атайын кызмат «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды