Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды

Юрий Низовский

Бишкекте №61 физика-математикалык мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан 9-августта билдиришти.

Атайын кызматтан Низовский балдарды 1-класска жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кабыл алуу үчүн «ата-энелерден мыйзамсыз акча алып турган» деп айтышты.

«Ошентип Низовский системалуу түрдө пара алып турган, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган. Ал эми өзүнүн мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды туугандарына жана ишенимдүү адамдарына каттаган», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк — жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер — бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 млн сомго жакын акчаны түзгөн.

Мындан сырткары анын жеке кабинетинде, үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлгөн. Анда чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, мүлктөрүнүн документтери табылган. Атайын кызмат тараткан сүрөттө тинтүү учурунда курал-жарактын бир нече түрү да табылганын көрүүгө болот.

Учурда «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Низовский №61 мектепте 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келет. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Жарлык боюнча, мындан ары мектеп директорлору конкурс аркылуу тандалып, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Ага ылайык, 966 мектеп директору аталган мөөнөттөн ашык иштегендиктен ээлеген кызматынан бошотулмай болгон. Ал эми жаңы талапкерлер атайын конкурстук тандоодон өтүшөт.