12-август күнү Нарын районунун Эки-Нарын айылынын тургундары облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Жетим-Тоодогу Чырпыкты суусу агып өткөн аймакта алтын казууга каршылыгын билдирип, «Голд Контент» компаниясынын лицензиясын артка кайтарууну талап кылышты.
Ал күнү чогулган тургундар менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жолукту. Эргешов кен казуу пландалган аймакка барып, жеринен көрүп келерин айтты. Аны менен катар, ага дейре «бир дагы техника барбайт» деп ишендирди.
Нарындагы митингди бир катар ЖМК, анын ичинде «Клооп» дагы чагылдырды. Ал эми Асылбек Орозобаев аттуу Эки-Нарын айылынын тургуну митингден түз эфир берди. Видеодо жергиликтүү тургундар Чырпыкты кени Жетим-Тоонун башталышы экенин баса белгилеп, аймакта кен казуу иштери башталса, айыл «жоголуп кетет» деген пикирин билдиргенин көрүүгө болот.
Манипуляция же инфочуу
Митинг тууралуу маалымат чыккан соң Сыргак Бактыяров аттуу Фейсбук колдонуучусу «”Клооп” митингди жана анын максатын манипуляциялады» деп пост жазды. Постту «Азаттыктын» мурдагы журналисти Марат Тагаев бөлүшүп, «Клоопту» журналисттик этиканы бузду деп айыптады.
«Эми акыйкаттыктын акыркы инстанциясындай өздөрүн кабылдаган “Клооптун” манипуляциясын карагыла? Чырпыкты каякта? Жетим-Тоо каякта?» — деп жазды Тагаев.
Тагаев менен Бактыяров менен удаа эле Фейсбукта өзүн «блогер» деп сыпаттаган колдонуучулар Жетим-Тоо менен Чырпыкты эки башка тарапта жайгашкан деген тариздеги постторду жарыялашты. Көп өтпөй окуяга Нарын облустук администрациянын басма сөз кызматы да реакция кылды.
Басма сөз кызматтан жашоочулар Нарын районундагы Чырпыкты аймагынан кен казууга жана техникаларды киргизүүгө каршы митингге чыкканын белгилеп, Чырпыкты аймагы Жетим-Тоо тоо кыркасына кирбейт деп ишендирди.
Аны менен катар, обладминистрация айрым ЖМКлар жазган «митинг Жетим-Тоо алтын кенин иштетүүгө каршы уюштурулду» деген маалымат чындыкка дал келбейт деп баса белгиледи.
«Митингде Чырпыкты аймагындагы "Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөнүн билдиребиз», — деп кошумчалашты администрациядан.
Ошентип Тагаев баштаган топ жараткан инфочуудан улам Нарындын тургундарынын митингде айтылган талаптары экинчи планда калып, көпчүлүк Чырпыкты менен Жетим-Тоонун «байланышын» аныктоого өтүп кетти.
Тургундар эмне дейт?
Эки-Нарын айылынын аксакал тургуну Турдубек Ибраев «Клоопко» эгерде компания кен казып баштаса, Жетим-Тоону бойлоп өткөн Чырпыкты суусу жана каналы жараксыз абалга келип, айыл эли ичүүчү жана сугат суудан кол жууп каларын айтты.
«Жетим-Тоодон төрт гектар жерден алтын казабыз деп жатышат. Айылдан жети километр өткөндөн кийин эле Жетим-Тоо башталат. Эки суунун ортосу. Кен казса ошол сууну казышат, суу чыкпай калганы жатпайбы. Төрт метр казгандан кийин суу чыкмак беле?» — деп наарызы болду ал.
Жетим-Тоо жана Чырпыкты кени тууралуу талаш-тартыш кызыганда жергиликтүү активист Асылбек Орозобаев үн катты. Ал митингде тартылган видеону «кескилебей таза жибериңиздер» деп айтып чыкты.
«Марат Тагаев мырза жана элим, мен ошол айылдык катары айтат элем. Чырпыктыга жетти [кен казуу] дегендик, Жетим-Тоого кирдик деген сөз. Ошол Чырпыктыга суу Жетим-Тоодон түшөт, билип алыныздар», — деп жазды активист.
Ал арада «Клооптун» кабарчысы Нарында активист менен жолугуп, Чырпыкты суусу туралуу маектешти. Орозобаев Чырпыкты Жетим-Тоонун башталышы экенин тастыктады.
«Көпчүлүгү Чырпыкты Жетим-Тоого тиешеси жок, же болбосо ал жердин мөңгүгө, сууга тиешеси жок деген мааниде айтып жатышат. Мен айтып коёюн, азыркы Чырпыкты да, андан өйдө Ардакты, Кең-Саз деген бар, ошол суунун баары Жетим-Тоодон түшүп келет. Зыяны Чырпыктыга да тиет деп айтып жатсак, “Географияны билесиңби? Башка кыла аласыңарбы? Силер көрдүңөр беле” дегендер бар экен. Мен ошол жактын кулуну катары айтып коёюн, барып ошол жакты карап алышсын. Бардык суу Жетим-Тоодон келет», — деди ал.
Буга чейин деле айтылып келген
Буга чейин «МедиаХаб» басылмасы «Жетим-Тоо кени Эки-Нарынды эзди» деген аталыштагы видео жарыялаган. Чуудан кийин видеону кайрадан бөлүшкөн журналист Мээрим Айныкеева дагы жергиликтүүлөрдүн айтымында, Чырпыкты Жетим-Тоонун «бөйрөгү» деп жазды.
«Биз мындан эки ай мурун Чырпыкты айылынын эли кен казууга каршы чыгып жатканын угуп, чагылдырганы барып калдык. Бара жатканда Жетим-Тоо тууралуу такыр оюбузда жок болчу. Ошондо жергиликтүү эл ушу Чырпыктыдагы кен Жетим-Тоонун башталышы, лицензиялуу компания казам деген жер Жетим-Тоонун "бөйрөгү" деп ызылдап калышты. Эл ошондо эле каршы чыккан», — деп эскерди журналист.
Жетим-Тоо кенин иштетүүнү «сүрөмөлөгөн» активисттер
10-август күнү, бир эле учурда бир нече активист Жетим-Тоону иштетүүгө байланыштуу пост жазган. Фейсбук колдонуучулары «кен казууну сүрөмөлөөгө буйрук берилгенби» деп божомолдошкон. Бул тууралуу активист Кундуз Ажибекова дагы пост жазган.
«Бир ууч акча төлөнгөн топ Жетим-Тоону иштетиш керек деп баштады го», — деген ал.
«ПолитКлиника» басылмасы Ажибекованын постунан кийин 10-августта Фейсбукта кимдер Жетим-Тоо кени тууралуу пост жазганын издеп көргөн. Журналисттер бир катар журналисттер аталган кендин иштетилишин колдогон пикирлерин жарыялаганын таап чыккан. Алардын арасында биз жогоруда сөз кылган Марат Тагаев, Сыргак Бактыяров дагы бар.
Кийин алардын басымдуу бөлүгү Жетим-Тоого байланышкан постторун өчүрүп салган.
Садыр Жапаров эмне дейт?
Ал эми 14-августта президент Садыр Жапаров Фейсбук барагына пост жарыялады. Анда өлкө башчысы Жетим-Тоону «коргогуч» болуп чыга келгендерге кайрылуу жасады.
«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок», — деп белгиледи Жапаров.
Анткен менен Жетим-Тоо маселесинен чуу жаратып, өзүн «баатыр» көрсөткүсү келгендерди «лжепатриоттор» деп атап, тартип сактоо органдарына «лжепатриоттор» менен калпычыларды тартипке чакыруу иштерин алып баргыла деп тапшырды.
«Өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, "Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз" деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле. Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да», — деп агынан жарылды президент.
Активист менен УКМКнын мурдагы башчысынын кармалышы
Президенттин постунан кийин УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев суракка чакырылды. ИИМден Сегизбаев «Полит Узник» барагына жарыяланган видеого байланыштуу сурак бергенин, тергөөнүн суроолоруна жооп берген соң үйүнө кеткенин белгилешти.
«Полит Узник» барагына Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенинин казылышына каршы пикир айткан видеосу 13-августта жарыяланган. Анда мурдагы аткаминер «бийлик тарабынан дагы бир ыплас иштер башталды» деп айтып, «кыргыз элинин байлыгын бөтөн бирөөгө тапшырып берүүгө аракет болуп жатат», «Жетим-Тоону каздырбай, бүтүн бойдон урпактарыбызга өткөрүп берели» деп айткан.
Андан соң «Полит Узник» барагынын администратору, активист Ырыс Жекшеналиев суракка чакырылып, кийин Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«“Полит Узниктин” баракчасына чыккан айрым маалыматтар кооптондурат, анткени айрым активисттер менен атайын адамдар карама-каршылыкты жараткан, такталбаган маадыматтарды таратып, жер-жерлерде кырдаалды курчутуп, коомдук пикирди бурмалоо кызыкчылыктары бар экени байкалууда», — деп билдирди ИИМден.