Абдил Сегизбаев архивдик видеого байланыштуу ИИМге сурак берди

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев «Полит Узник» барагына жарыяланган видеого байланыштуу сурак берди. Бул тууралуу 15-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден Сегизбаев тергөөнүн суроолоруна жооп берген соң үйүнө кеткенин белгилешти.

Эмне болгон видео?

13-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» барагына Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенинин казылышына каршы пикир айткан видеосу жарыяланган.

Анда ал «бийлик тарабынан дагы бир ыплас иштер башталды» деп айтып, «кыргыз элинин байлыгын бөтөн бирөөгө тапшырып берүүгө аракет болуп жатат» деп билдирген.

Ошондой эле ал «Жетим-Тоону каздырбай, бүтүн бойдон урпактарыбызга өткөрүп берели» деп айткан.

Министрликтен «Сегизбаев видео 2020-жылы, президенттик шайлоонун өнөктүгү учурунда тартылганын айтты» деп билдиришти. Ал эми териштирүү иштери уланып жатканын кошумчалашты.

«Полит Узниктин» администраторунун кармалышы

14-августтун кечинде активист жана «Полит Узник» баракчасынын администратору 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев кармалган. Ал алгач милицияга Сегизбаевдин видеосун жарыялаганы үчүн чакырылганы белгилүү болгон.

Ага массалык баш аламандыктарга чакыруу айыбы коюлуп, 48 саатка камакка алынган.

«Баракчада жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле “Жетим-Тоо” кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоого багытталганы байкалат», — деп билдиришти ИИМден.

14-августта, активист кармалганга чейин президент Садыр Жапапов Фейсбугунда пост жазган. Анда ал «Жетим-Тоону коргогучтар элдин башын айлантып жатат» деп, укук коргоо органдарына чара көрүүнү тапшырган.

Ал учурда аны иштетүү даярдыгы жок экенин айтып, «жеринде геологиялык иштерди жүргүзүүгө гана тапшырма бергенин» кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Суусуз калабыз». Эки-Нарындын тургундары Жетим-Тоонун аймагынан алтын казууга каршы митингге чыгышты