«Алтын Казынада» жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип дагы бир киши кармалды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун Лебединовка айылында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген дагы бир кишини кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз борбору.

Облустук милициядан кылмышка шектелип 26 жаштагы жигит кармалганын, ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдиришти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Окуянын бардык жагдайы териштирилип, күнөөлүүлөрдү мыйзамдын чегинде толук жоопко тартуу үчүн чара көрүлөт», — деп белгилешкен анда милициядан.

17 жаштагы кыздын зордукталганы 8-августта белгилүү болгон. Анда жабырлануучунун апасы кызы 7-августка караган түнү зордукталганын айтып берген. Анын айтымында, алар болжолдуу «Алтын Казына» кафесинде иштеген адамдар болгон.

Чүй ОИИБнен иштин жагдайлары боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып, андан соң экспертиза дайындалганын билдиришкен. Натыйжада милиция «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын пикиринде, бул иш боюнча «зордукчулар, ресторандын жана отелдин администраторлору менен алардын ээлери» жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Эки бала кызды “Алтын Казына” ресторанынын жанындагы отелде түнү менен зордукташыптыр, алар ошол ресторандын кызматкерлери экен. Отель 17 жашар кызды жашын сурабай туруп эки киши менен оңой эле киргизип койгону отель андай көрүнүштөргө көнүп калган, ал эми тигил кишилер ал жерге буга чейин барып жүргөн деген ойго түртөт», — деп жазган укук коргоочу.